Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Баланын чыгармачылыгын өркүндөткөн оюндардын пайдасы

Баланын чыгармачылыгын өркүндөткөн оюндардын пайдасы

 «Чыгармачылыкты өркүндөткөн оюндар» деген сөз айкашы баланын жаңы бир нерсени таанып-билүүгө болгон кызыгуусун жана элестетүү жөндөмүн өрчүткөн оюндарга карата колдонулат. Андай оюндар баланы ар тараптан калыптап, колу менен бир нерсе жасоого болгон жөндөмүн арттырат.

 Буларга төмөнкүлөрдү мисал кылса болот:

  •   Сүрөт тартуу

  •   Тамак жасоо a

  •   Бир нерсени элестетип алып ойноо (мисалы, доктур, сатуучу жана башка ушу сыяктуу)

  •   Ырдоо

  •   Конструктордон, пластилинден бир нерсе жасоо

  •   Колдо бар эле буюмдарды колдонуп ойноо (коробкаларды, кагазды колдонуу)

 Көптөгөн өлкөлөрдө балдарга чыгармачылыкты өнүктүргөн оюндардын ордуна, жөн эле карап отура турган оюндарды сунушташат. Же өздөрүнө ойлоп тапканга мүмкүнчүлүк бербей, даяр оюндарды уюштурушат.

 Ата-энелер буга кандай карашы керек?

 Эмнелерди билишиңер керек?

  •   Чыгармачылыкты өркүндөткөн оюндар баланын ар тараптан өрчүшүнө өбөлгө түзөт. Бул анын ден соолугунун чың болушуна, акыл-эсинин өрчүшүнө шарт түзөт. Ошондой эле тапкыч болгонго, башкалар менен тил табыша билгенге үйрөтөт. Мындан тышкары, андай оюндар балдарга сабырдуу болгонго, туура чечимдерди чыгарганга, өзүн кармай билгенге жана топ болуп ойноп жатканда башкаларга ылайыкташа билгенге үйрөтөт. Кыскасы, чыгармачылыкты өркүндөткөн оюндар балдарды келечектеги турмушка даярдайт.

  •   Электрондук каражаттарды өтө көп колдонуунун зыяндуу жактары көп. Электрондук каражаттарды өтө көп колдонуу көз карандылыкты пайда кылат. Балдардын толуп кетишине, ачуулуу болуп калышына да себеп болот. Буга мектеп жашына чейинки балдарын алаксытыш үчүн эле колуна электрондук каражаттарды кармата салган ата-энелер олуттуу маани бериши керек.

  •   Баланын күн тартибинин өтө тыгыз болушу анча жакшы эмес. Балдарды эс алдырбай эле, бир ийримден экинчисине катыштыра берсеңер, өз алдынча жаңы нерселерди таанып билгенге, чыгармачылыгын арттырган оюндарды ойногонго убактысы жок болуп калат. Ал эми булар балдар үчүн абдан маанилүү.

 Эмне кылсаңар болот?

  •   Чыгармачылыгын өркүндөткөн оюндарды ойногонго мүмкүнчүлүк түзүп бергиле. Жагдай-шарт жол берсе, балдардын эшикте ойногону жакшы. Мунун аркасында алар айлана-чөйрөнү таанып, жаратылыш жөнүндөгү түшүнүгү кеңейет. Өздөрүнө жаккан бир нерселерди жасаганга жана чыгармачылыгын арттырган оюнчуктар менен ойногонго мүмкүнчүлүк бергиле b.

     Ойлонуп көргүлө: Чыгармачылыкты өркүндөткөн оюндар балама кандай сапаттарды жана шык-жөндөмдү өрчүткөнгө жардам берет? Мунун ага кийин кандайча пайдасы тийиши мүмкүн?

     Ыйык Китептеги принцип: «Денени машыктыруунун пайдасы» бар (1 Тиметей 4:8).

  •   Көгүлтүр экрандын алдында өткөргөн убактысын чектегиле. Балаңарды алаксытыш үчүн телефон же планшет берерде же телевизорду саярда жакшылап ойлонгула. Балдарды караган доктурлар 2 жашка чейинки ымыркайларга көгүлтүр экранды көрсөтпөй эле коюуну сунуш кылышат. Ал эми 2 жаштан 5 жашка чейинкилеринин көгүлтүр экрандын алдында өткөргөн убактысы 1 сааттан ашпашы керектигин айтышат c.

     Ойлонуп көргүлө: Балама бул жагынан кандай чектерди койсом болот? Аны менен чогуу отуруп көргөнүм туура болобу? Электрондук каражаттардын ордуна аны эмне менен алаксытсам болот?

     Ыйык Китептеги принцип: «Кандай жашап жатканыңарга жакшылап көңүл буруп, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла. Убакытты пайдалана билгиле» (Эфестиктер 5:15, 16).

  •   Ийримдердин балаңарга кандай таасир этерин кылдат ойлонгула. Албетте, алар балаңардын кайсы бир жөндөмүн же спортко болгон шыгын арттырышы мүмкүн. Бирок андай ийримдердин өтө көп болгону баланы да, ал ийримдерге жеткирип турган ата-энени да стресске кабылтат. Эфестиктер 5:15, 16дагы: «Убакытты пайдалана билгиле»,— деген кеңеш ушул жагдайга да тиешелүү.

     Ойлонуп көргүлө: Балдарымды өтө көп ийримдерге катыштырып жаткан жокмунбу? Эгер ошондой болсо, эмнени өзгөртсөк болот?

     Ыйык Китептеги принцип: «Эмне маанилүүрөөк экенин баамдагыла» (Филипиликтер 1:10).

a Атасынын же энесинин же башка чоң кишинин көзөмөлү алдында.

b Дүкөндөн сатылган оюнчуктар баланын тапкычтыгына жана чыгармачылыгына бөгөт коёт. Ал эми жөнөкөй эле оюнчуктар же буюмдар, мисалы, коробкалар же пластилин анын элестетүүсүн жана ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт.

c «Көгүлтүр экран» деген түшүнүккө жакындары менен видео аркылуу байланышуу, билим алуу же үй-бүлөсү менен чогуу Кудай жөнүндө билим алууга өбөлгө түзгөн нерселер кирбейт.