Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Эмгекке үйрөтүүнүн маанилүүлүгү

Эмгекке үйрөтүүнүн маанилүүлүгү

КӨЙГӨЙ

Айрым үй-бүлөлөрдө балдардан үй иштерине жардам берүү талап кылынат. Андай үй-бүлөдөгү балдар өз милдеттерин даярдуулук менен аткарышат. Ал эми кээ бир үй-бүлөлөрдө балдардан эч нерсе талап кылынбагандыктан, оңдой берди болуп, балдар ата-энесине кол кабыш кылууну ойлоп да коюшпайт.

Изилдөөчүлөр өзгөчө Батыш өлкөлөрүндө жагдай ушундай экенин байкашкан. Башкаларга бир нерсе кылуу ал жактагы балдардын оюна да келбейт, тескерисинче, баары аларга малай болушу керек деп ойлошот. Стивен деген бир ата: «Бүгүнкү күндө балдар үйдө жалгыз калып, керээли-кечке видеооюндарынан, Интернеттен, телевизордон башы чыкпайт. Алардан дээрлик эч нерсе талап кылынбайт»,— дейт.

Кандай деп ойлойсуңар, балдарды биринчи кезекте эмгекке эмне үчүн үйрөтүш керек? Үйдү таза, тыкан кармоо үчүн элеби же балдарды жакшы инсан кылып калыптоо үчүн дагыбы?

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Үй тапшырмасынан, мектептен тышкаркы ийримдерден колу бошобогон балдарына айрым ата-энелер үй иштерин кылдыргысы келбейт. Бирок балдарды эмгекке үйрөтүүнүн пайдасы чоң. Анда ушуга токтололу.

Жакшы калыптанышат. Үй иштерин жасаган балдар, адатта, мектепте да жакшы окушат. Мунун таң калыштуу деле эч нерсеси жок. Себеби алар өзүн ишенимдүү сезгенге, өзүн тыя билгенге үйрөнүшөт жана эрки күчтүү болуп чоңоюшат. Ал эми бул сапаттар балдардын жакшы окушуна шарт түзөт.

Камкор болуп чоңоюшат. Үй жумуштарын кылып жүргөн балдардын көбүнчө чоңойгондо башкаларга жакшылык кылууга дилгир болору байкалган. Анткени талыкпай эмгектенүүгө көнгөн балдар биринчи кезекте өздөрүн эмес, башкаларды ойлошот. Ал эми андайга көнбөгөн балдар тууралуу жогоруда айтылган Стивен мындай дейт: «Балдарды өз жайына коюп койсо, башкалар алардын көзүнүн кареги менен тең айланышы керек деген туура эмес көз карашты өрчүтүп алышат. Андай балдар жоопкерчиликсиз, жалкоо болуп чоңоюшат».

Үй-бүлөнүн биримдигине салым кошушат. Үйдө күжүрмөн эмгектенген балдар өздөрүнүн үй-бүлөнүн баалуу мүчөсү экенин эле эмес, үй-бүлөнүн жыргалчылыгына салым кошууга жооптуу экенин да сезе алышат. Эгер ата-энелер үйдөгү иштерге эмес, мектептен тышкаркы ийримдерге басым жасаса, балдар ушундай баалуу сапатты өрчүтө албай калышат. Андыктан: «Баламдын футбол тобундагылар менен ынак болгону жакшыбы же үй-бүлөсү мененби?» — деп ойлонуп көргүлө.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Жаштайынан баштагыла. Айрымдардын ою боюнча, балдарды эмгекке үч жашынан үйрөтө баштоо туура. Башкалар болсо эки жаштан же андан да кичинекей кезинен башташ керек дешет. Кандай болбосун, кичинекей балдардын ата-энеси менен бир нерселерди кылганды, аларды туураганды жакшы көрөрүн унутпагыла (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 22:6).

Жашына жараша иш тапшыргыла. Мисалы, үч жаштагы балдарга оюнчуктарын жыйноону, бир нерсе төгүлүп калган жерди сүртүүнү же кир кийимдерди өңү боюнча сорттоону тапшырса болот. Ал эми чоңураактары чаң сордурса, машине жууса, атүгүл тамак жасаса болот. Балдарыңарды кайсы бир ишти жакшы аткарууга үйрөткүлө. Ошондо алардын сүйүнүп аткарып жатканын көрүп таң калышыңар мүмкүн.

Биринчи кезекте үй иштерин аткарууга көндүргүлө. Балаңардын мектептеги тапшырмалары көп болсо, үй иштерине жетишиши кыйын болушу ыктымал. Бирок ата-энелердин жакшы окусун деп эле балдарын баарынан бошотуп салганы, бир китепте айтылгандай, тескери натыйжа бериши мүмкүн («The Price of Privilege»). Жогоруда айтылгандай, чынында, балдарга жакшы окуганга үй иштерин кылганы жардам берет. Ошондой эле мунун пайдасы кийин өздөрү үй-бүлө курганда да тиет (Ыйык Китептеги принцип: Филипиликтер 1:10).

Иштин жыйынтыгына эмес, максатына көңүл топтогула. Балаңар кайсы бир ишти силер күткөндөгүдөн жайыраак кылышы мүмкүн. Ошондой эле анын кылганы купулуңарга толбошу ыктымал. Андай учурларда ишти өзүңөр бүтүргөнгө шашпагыла. Максатыңар балаңарга кайсы бир ишти чоңдор кылгандай кылууга үйрөтүү эмес, жоопкерчиликтүү болууга, эмгектенүүдөн кубаныч алууга үйрөтүү экенин унутпагыла (Ыйык Китептеги принцип: Насаатчы 3:22).

Туура ниет менен эмгектенгенге үйрөткүлө. Айрымдар балдарга үй иштерин аткарганы үчүн акча берип турса, жоопкерчиликтүү болот деп ойлошот. Ал эми башкалардын ою боюнча, бул алардын кайсы бир ишти үй-бүлөнүн жыргалчылыгына салым кошуу үчүн эмес, пайда көрүш үчүн эле кылып калышына себеп болот. Ошондой эле андай балдар акчасы жетиштүү болсо, эч нерсе кылбай коюшу мүмкүн. Андайда балдарды эмгекке үйрөтүү өз максатына жетпей калат. Мындан кандай жыйынтык чыгарууга болот? Баланы үй иштерин кылганы үчүн акча берип көндүрбөгөн жакшы.