Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Жок деп кантип айтса болот?

Жок деп кантип айтса болот?

КӨЙГӨЙ

Балаңар жок дегенди түшүнбөйт. Жок десеңер болбой эле ыйлап, айлаңарды кетире берет. Тигиндей айтсаңар да болбойт, мындай айтсаңар да болбойт, анан чарчаганда айла жок каалаганын кыласыңар.

Ошентсе да балаңардын андай кыялын оңдой аласыңар. Эмесе, адегенде жок дегенге байланыштуу айрым нерселерди карап көрөлү.

ЭМНЕНИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Жок деп айтуу катаалдыкка жатпайт. Айрым ата-энелер буга каршы болуп: «Бала менен сүйлөшүп, ага баарын түшүндүрүп бериш керек»,— деши мүмкүн. Балдарынын көңүлүн ооруткусу келбегендиктен андай ата-энелер «жок» дебей, аларды көндүргөнгө аракет кылышат.

Ырас, жок деп айтканыңар балаңарга башында жакпашы мүмкүн. Бирок ошонун аркасында ал маанилүү нерсени — турмушта баары эле ал каалагандай боло бербей турганын — түшүнөт. Ал эми балаңардын ою менен боло берсеңер, анын алдында баркыңар кетип калат. Ошондой эле аны чатак салып отуруп силерге каалаганын кылдырып алганга көндүрүп коёсуңар. Ошондуктан жок дей турган болсоңор, ал силерге кыжырданышы мүмкүн. Акыр аягы, ата-энесине каалаганын оңой эле кылдырып, ошого кынык алып калган бала аларды сыйлап жарытпайт.

Жок деп айтуу менен балаңарды турмушка даярдайсыңар. Жок деп айтканыңардын аркасында ал өзүн тыя билүүнү үйрөнүп, кийин ошонун пайдасын көрөт. Анткени өзүн тыя билгенге үйрөнгөн балдар өспүрүм курагында, башкалар баңгизат колдонууга жана никеге чейинки жыныстык катнашта болууга азгырганда же кысым көрсөткөндө, туруштук бере алышат.

Андан сырткары, балаңар деги эле турмушка даяр болот. Дэвид Уолш деген жазуучу: «Чынында, биз [чоңдор] турмушта көксөгөн нерселерибиздин баарына эле жете бербейбиз»,— деген. Ал ошондой эле ата-энелер балдарынын ою менен боло берсе, аларды жашоого даярдай албай турганын айткан («No: Why Kids—of All Ages—Need to Hear It and Ways Parents Can Say It»).

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Максатыңарды эсиңерден чыгарбагыла. Албетте, силер балаңардын акыл-эстүү, сезимдерин башкара билген, бардык нерседе ийгиликке жеткен киши болуп чоңоюшун каалайсыңар. Бирок анын сураганынын баарын аткара берсеңер, ал максатыңарга жетпейсиңер. Ыйык Китепте кимдир бирөөнү «жаш чагынан» өтө эле эркелетсе, ал «кийин жакшылыкты» баалабай калары жазылган (Накыл сөздөр 29:21). Жакшы тарбия берүү өз ичине жок деп айтууну да камтыйт. Андай тарбиянын балаңарга пайдасы гана тиет. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 19:18.)

Жок деп айтууга чечкиндүү болгула. Балаңар чоң киши эмес. Андыктан анын макулдугун алуу зарыл болгонсуп, эмне үчүн жок дегениңерди аны менен талкуулашып отуруунун кажети жок. Албетте, балаңар чоңоё баштаганда «акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырышы» керек болот (Еврейлер 5:14). Ошондуктан балаңар менен кичине чоңойгондо талкуулашканыңар жакшы. Ал эми кичинекей балага баарын түшүндүрүп отуруунун зарылдыгы жок. Эгер кечке түшүндүрүп отуруп алсаңар, ал силердин жок дегениңерди чечим эмес, сунуш катары көрүп алат. (Ыйык Китептеги принцип: Эфестиктер 6:1.)

Чечимиңерге бек кармангыла. Балаңар чечимиңерге канчалык карманарыңарды текшерип, чыргоолоп ыйлашы же жалдырашы мүмкүн. Бир китепте бала үйдөн ошентсе, эмне кылса болору тууралуу мындай делет: «Андайда балага: „Ыйлагың келсе, бөлмөңө кирип, каалашыңча ыйлай бер, бирок мага угузба“ — деп, жанынан кетип калганыңар оң». Башында мындай кылуу кыйын болушу мүмкүн. Балаңар да көнбөй кыйналышы ыктымал. Бирок сөзүңөргө бек турарыңарды түшүнгөндө балаңар мурункудай кежирленбей калат («Loving Without Spoiling»). (Ыйык Китептеги принцип: Жакып 5:12.)

Акыл-эстүүлүк менен иш кылгыла. Бийлигиңерди кыянат колдонуп балаңарга дайыма эле жок деп жооп бере бербей, акыл-эстүүлүк менен иш кылгыла (Филипиликтер 4:5). Анткени кээде балаңарга чыр салып ыйлагандыктан эмес, суранычы чынында эле орундуу болгондуктан «ооба» деп жооп бере турган учурлар болот. (Ыйык Китептеги принцип: Колосалыктар 3:21.)

Бийлигиңерди кыянат колдонуп балаңарга дайыма эле жок дей бербегиле