Мазмунун көрсөтүү

Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү

2025-жыл, 12-апрель, ишемби

Жахабанын Күбөлөрү жылына бир жолу Иса пайгамбардын өлгөн күнүн эскеришет. Муну Иса өзү осуят кылган. Ал: «Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деген (Лука 22:19).

Силерди чын жүрөктөн чакырабыз!

Көптөрдү кызыктырган суроолор

Канча убакытка созулат?

Программа 1 сааттай болот.

Кайсы жерде өткөрүлөт?

Сиз жашаган аймакта каякта өткөрүлөрүн Жахабанын Күбөлөрүнөн сурап алсаңыз болот.

Кирүү акысызбы?

Ооба.

Жолугушуу учурунда акча чогултулабы?

Жок.

Кандай кийинип барыш керек?

Буга байланыштуу эч кандай талап же эреже жок. Анткен менен Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептеги кеңешке ылайык, тыкан, таза, башкаларды урматтаарын көрсөтүп тургандай кийинип барышат (1 Тиметей 2:9). Кийимиңердин кымбат же расмий болушу талап эмес.

Эскерүү кечеси кандайча өткөрүлөт?

Жолугушуу ыр менен башталып, ыр менен бүтөт. Андан соң Жахабанын Күбөлөрүнүн бири Кудайга тиленүү менен кайрылат. Эскерүү кечесинде айтыла турган баяндамада Иса пайгамбардын өлүмү эмнеси менен маанилүү болгону, Кудай менен Иса Машаяктын кылган жакшылыгынан биз кандай пайда алсак болору баса белгиленет.

Кийинки жылдары Эскерүү кечеси качан болот?

2025. 12-апрель, ишемби

2026. 2-апрель, бейшемби