Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-ТААЛИМ

Жоопкерчиликтүү болуу

Жоопкерчиликтүү болуу

ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ БОЛУУ ӨЗ ИЧИНЕ ЭМНЕЛЕРДИ КАМТЫЙТ?

Жоопкерчиликтүү адам ишеничтүү болот. Өзүнө тапшырылган ишти мыкты аткарып, убагында бүтүрөт.

Балдар кымындай кезинен эле жоопкерчиликтүү болууга үйрөнө алышат. Бала тарбиялоого байланыштуу бир китепте мындай деп жазылган: «Баланын кызматташуу жөндөмү кичинекей кезинен эле өрчүй баштайт. 15 ай болгондо ата-энесинин кыл дегенин кыла баштайт, ал эми 18 айдын тегерегинде ата-энеси кылган нерселерди кылгысы келе баштайт». Ошондой эле ал китепте: «Көптөгөн өлкөлөрдө ата-энелер 5—7 жаштагы балдарды жумшай башташат. Алар ушундай кезинде эле көп иштерди жакшы аткара алышат»,— делет («Parenting Without Borders»).

БУЛ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Жаштардын көбү өзүнчө жашай баштаганда көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат. Буга алардын акчаны туура колдонууга, үй иштерин жасоого жана күнүмдүк жашоосунда жоопкерчиликтүү болууга үйрөнбөгөнү себеп болот.

Ошондуктан балаңар чоңойгондо кыйналбай жашашы үчүн, аларды жоопкерчиликтүү болгонго азыр үйрөткүлө. Бир китепте: «Балаңар 18ге чыккыча силерге көз каранды болуп жүрүп, түйшүктүү турмушка эч нерсени үйрөнбөй аттанышын каалабай турганыңар күмөнсүз»,— деп жазылган («How to Raise an Adult»).

КАНТИП ҮЙРӨТСӨ БОЛОТ?

Үй иштерин тапшыргыла.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Ар бир эмгектен пайда бар» (Накыл сөздөр 14:23).

Кичинекей балдар ата-энеси менен чогуу иш кылганды жакшы көрүшөт. Андыктан алардын бул табигый каалоосун туура жакка багыттап, үй иштерин тапшырсаңар болот.

Айрым ата-энелер балдарга ансыз деле үй тапшырмасы көп берилгендиктен, кошумча жүк артпай эле коёлу деп, үйдөгү иштерди кылдырышпайт.

Бирок үй иштерин кылган балдар мектепте жакшыраак окушат. Анткени үйдөгү жумуштар аларды өзүнө тапшырылган ишти баштап, аягына чыгарууга үйрөтөт. Анын үстүнө, жогорудагы китепте айтылгандай, «кичинекей балдар жардам бергиси келгенде, ата-энеси аларга иш кылдырбай койсо, алар башкаларга жардам берүү анча деле маанилүү эмес... деген ойдо калышат. Ошондой эле башкаларды бир нерсе кылып берүүгө милдеттүү көрө башташат» («Parenting Without Borders»).

Мындан көрүнүп тургандай, үй иштерин кылуу балдарга башкаларга жардам бергенге жана өзүмчүл болбогонго көмөк кылат. Андан сырткары, балдар үй-бүлөдө өзүн керектүү сезип, үйдөгү иштерди кылууга милдеттүү экенин түшүнөт.

Катасы үчүн жооптуу болууга үйрөткүлө.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Келечекте акылман болуш үчүн, кеңешке кулак салып, акыл-насаатты кабыл ал» (Накыл сөздөр 19:20).

Уулуңар же кызыңар бирөөнүн бир нерсесине зыян келтирип алса, аны жашырбай, мойнуна алганга үйрөткүлө. Мындай жагдайда балдар кечирим сурап, атүгүл зыяндын ордун толтуруп бере алат.

Ката-кемчиликтерин мойнуна алуу менен буларга үйрөнөт:

  • чынчыл болууга

  • башкаларды айыптоодон качууга

  • актануудан качууга

  • орундуу болсо, кечирим суроого