Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-ТААЛИМ

Момундук

Момундук

МОМУНДУК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Момун адам сылык болот. Ал боюн көтөрүп, өзгөчө мамиле кылынышын күтпөйт. Анын ордуна, башкаларга чын ниеттен көңүл буруп, алардан үйрөнгөнгө дилгир болот.

Айрымдар момундукка карата жаңылыш ойдо болуп, аны алсыздык катары көрүшөт. Момундук адамга кетирген катасын жана колунан баары келе бербей турганын мойнуна алганга күч берет.

БУЛ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

  • Момундук башкалар менен жакшы мамиледе болууга өбөлгө түзөт. Бир китепте момун кишинин башкалар менен оңой эле тил табышып, сүйлөшүп кетери жана достошуп кетери жазылган («The Narcissism Epidemic»).

  • Момундуктун пайдасы тиет. Балаңар момундукка үйрөнсө, анын пайдасын азыр да, кийин да, мисалы, жумушка орношуп жатканда көрөт. Психолог Леонард Сакс мындай деп жазган: «Жумушка орношкусу келгендер менен маектешкендер өзү жөнүндө жогору ойдо болуп, баары колуман келет деген жаштарды анча жактыра беришпейт. Ал эми алардан эмне талап кылынарын билгиси келгендерди жумушка алышы мүмкүн» *.

КАНТИП ҮЙРӨТСӨ БОЛОТ?

Өзүн көтөрбөгөнгө үндөгүлө.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Кимдир бирөө эч ким эмес болуп туруп өзү жөнүндө жогору ойдо болсо, ал өзүн өзү алдап жатат» (Галатиялыктар 6:3).

  • Чындыкка коошпогон нерселерди айтпагыла. «Кыялыңдын баары орундалат», «Баарын кыла аласың» деген сыяктуу сөздөр балаңарды шыктандырышы мүмкүн. Бирок жашоодо андай болбой калат. Балаңар акылга сыярлык максаттарды коюп, аларга жеткенге бүт күчүн жумшаса, ийгиликке жетет.

  • Кайсы бир иштери үчүн мактагыла. «Сен кыйынсың» деп эле айта берсеңер, момундукка үйрөтө албайсыңар. Анын ордуна, кайсы бир иши үчүн мактагыла.

  • Социалдык тармактарды колдонушуна чектөө койгула. Ал жакта адамдар көбүнчө мактанып, ийгиликтерин жарыялашат. Бул момундукка каршы келет.

  • Кечирим сураганга үндөгүлө. Эмнени туура эмес кылганын түшүнүп, аны мойнуна алганга үйрөткүлө.

Ыраазычылыгын арттырууга жардам бергиле.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Дайыма ыраазы болгула» (Колосалыктар 3:15).

  • Табиятка ыраазы болуу. Балдар табиятка ыраазы болуп, жашоого керектүү нерселерди баалаганга үйрөнүшү зарыл. Биз өмүр сүрүш үчүн абага, сууга, азык-түлүккө муктажбыз. Балаңардын кооз табиятка ыраазычылыгын арттырыш үчүн ушуларды мисал келтирсеңер болот.

  • Адамдарга ыраазы болуу. Башкалар ага караганда кайсы бир жагынан жөндөмдүү, таланттуу болорун жана көрө албастык кылбастан, алардан үйрөнө аларын эскертип тургула.

  • Ыраазычылык билдирүү. «Рахмат» деген сөздү ооз учунан эле эмес, чын жүрөктөн айтууга үйрөткүлө. Ыраазычылык билдирүү момун болууга көмөк кылат.

Башкаларды ойлогонго үйрөткүлө.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө. Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» (Филипиликтер 2:3, 4).

  • Үй иштерин кылганга көндүргүлө. Балаңарга үй иштерин кылбай эле койсо болорун айтсаңар, каалоосу баарынан маанилүү деп ойлоп калышына түртүп коёсуңар. Үйдөгү милдеттери биринчи орунда, оюн экинчи орунда турушу керек. Үй иштерин кылса, башкаларга кандай пайда алып келерин, алардын аны сыйлап каларын жана ага ыраазы болорун түшүндүргүлө.

  • Жардам берүү маанилүү экенин баса белгилегиле. Бул алардын жетилишине шарт түзөт. Ошондуктан балаңарды жардамга муктаж болгондорду байкап жүргөнгө үндөгүлө. Аларга кантип көмөк көрсөтө аларын аны менен талкуулагыла. Бирөөгө жардам бергенде, аны мактап, колдогула.

^ 8-абз. «The Collapse of Parenting» деген китептен алынды.