Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Жакан 3:16. «Кудай бул дүйнөнү абдан сүйөт»

Жакан 3:16. «Кудай бул дүйнөнү абдан сүйөт»

 «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жакан 3:16, «Жаңы дүйнө котормосу»).

 «Кудай бул дүйнөнү абдан сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берди. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди» (Жакан 3:16, «Үмүт нуру» котормосу).

Жакан 3:16нын мааниси

 Кудай бизди жакшы көрөт жана түбөлүк жашашыбызды каалайт. Ошон үчүн жерге өзүнүн Уулун — Иса Машаякты — жиберген. Иса жерге келгенде абдан маанилүү ишти аткарган. Алсак, жолдоочуларына өзүнүн Кудайы жана Атасы жөнүндө айтып берип, окутуп-үйрөткөн (1 Петир 1:3). Ошондой эле ал адамзат үчүн өзүнүн өмүрүн берген. Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн биз Исага ишенишибиз керек.

 «Кудай... өзүнүн жалгыз Уулун... берди»,— деген сөздөрдөн анын адамзатка болгон сүйүүсү канчалык терең экенин көрсө болот a. Иса — Кудайдын өзгөчө Уулу. Эмне үчүн ошентип айтууга болот? Анткени бир гана Исаны Кудай өзү жалгыз жараткан (Колосалыктар 1:17). Ал — «бардык жаратылгандардын туңгучу» (Колосалыктар 1:15). Башка жаратуулардын баарын, анын ичинде периштелерди да Кудай Иса менен чогуу жараткан. Ошентсе да Жахаба b өзүнүн сүйүктүү Уулун адамдарга «кызмат кылып, көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн» жерге жиберген (Матай 20:28). Иса бизди түпкү атабыздан — Адам атадан — тукум кууп өткөн күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошотуш үчүн азап чегип өлгөн (Римдиктер 5:8, 12).

 Исага ишенүү ага тек гана ишенем деп айтып коюуну же анын биз үчүн кылган жакшылыктарын билип коюуну эле билдирбейт. Кудайдын Уулуна ишенерибизди көрсөтүш үчүн ага баш ийип, «анын изи менен так жүрүшүбүз» керек (Матай 7:24—27; 1 Петир 2:21). Бул тууралуу Ыйык Китепте: «Ким Кудайдын Уулуна ишенсе, түбөлүк өмүргө ээ болот. Ал эми ким ага баш ийбесе, өмүргө ээ болбойт»,— деп жазылган (Жакан 3:36).

Жакан 3:16нын контексти

 Иса бул сөздөрдү жүйүттөрдүн Никедим деген дин жетекчиси менен сүйлөшкөндө айткан (Жакан 3:1, 2). Иса ошол маегинде Кудайдын Падышалыгы c жана «кайрадан төрөлүү» жөнүндө айрым нерселерди ачып берген (Жакан 3:3). Ошондой эле өзүнүн кантип өлөрүн айтып берген. Ал: «Адам Уулу да жогору көтөрүлүшү [устунга кадалышы] керек. Ошондо ага ишенгендердин ар бири түбөлүк өмүргө ээ болот»,— деп айткан (Жакан 3:14, 15). Ушул сөздөрдөн кийин Иса Кудай адамзатты ушунчалык сүйгөндүктөн аларга түбөлүк жашаганга мүмкүнчүлүк бергенин баса көрсөткөн. Андан соң түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн ага ишенишибиз жана Кудайга жаккан иштерди кылышыбыз керектигин айтып, сөзүн корутундулаган (Жакан 3:17—21).

a «Жалгыз» деген сөз грек тилине моногене́с деп которулат. Ал «бир жана жападан жалгыз», «өзүнүн тукумунда жалгыз гана, өзгөчө» деген маанини туюнтат («A Greek-English Lexicon of the New Testament and Other Early Christian Literature», 658-б.).

b Ыйык Китепте Кудайдын ысмы Жахаба экени айтылат (Забур 83:18).

c Кудайдын Падышалыгы — асмандагы өкмөт. Ал «асман Падышалыгы» деп да аталат (Матай 10:7; Аян 11:15). Кудай Исаны ошол Падышалыктын Падышасы кылып дайындаган. Ал өзүнүн Падышалыгы аркылуу жерге байланыштуу ой-ниетин аткарат (Даниел 2:44; Матай 6:10). Бул жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» деген макаланы карагыла.