Аян 11:1—19
11 Мага таякка окшогон узун камыш+ берилип, мындай деп айтылды: «Тур да, Кудайдын ибадатканасындагы+ ыйык жайды, жыпарзат түтөткүчтү* жана ал жерде сыйынып жаткандарды чене.
2 Ал эми ибадаткананын ыйык жайынын сыртындагы короону+ ченебе, аны жөн кой, анткени ал башка элдерге берилген+. Алар ыйык шаарды+ кырк эки ай тебелеп-тепсешет+.
3 Мен өзүмдүн эки күбөмдү+ жиберем. Алар таар жамынып+, 1 260 күн пайгамбарлык кылышат»+.
4 Жер жүзүнүн Теңиринин алдында турган ал экөө+ — эки зайтун дарагы+ менен эки чыракпая+.
5 Эгер кимдир бирөө ал күбөлөргө зыян келтиргиси келсе, алардын оозунан от чыгып, душмандарын жалмап кетет+. Ал экөөнө зыян келтиргиси келгендердин баары ушинтип өлтүрүлөт.
6 Пайгамбарлык кылып жаткан күндөрүндө жамгыр жаабашы үчүн+, алардын асманды жаап койгонго+ бийлиги бар, ошондой эле сууну канга айландырганга+, каалаган убагында жерге ар кандай балээлерди жибергенге да бийлиги бар.
7 Алар күбөлөндүрүп бүткөндө, түпсүз туңгуюктан чыккан жырткыч+ алар менен согушат да, аларды жеңип, өлтүрөт+.
8 Ал экөөнүн өлүгү каймана мааниде Содом+ жана Мисир деп аталган улуу шаардын чоң көчөсүндө жатат. Алардын Мырзасы да ошол жакта устунга кадалган+.
9 Ар бир уруудан, улуттан, элден чыккан+, ар кандай тилдерде сүйлөгөн адамдар ал экөөнүн өлүгүн үч жарым күн+ карашат жана алардын сөөгүн мүрзөгө койдурбай коюшат.
10 Жер жүзүндө жашагандар алардын өлгөнүнө кубанып-шаттанышат+, бири-бирине белектерди жиберишет+, анткени ал эки пайгамбар аларды кыйнап келишкен болчу.
11 Үч жарым күндөн кийин+ аларга Кудайдан келген өмүр руху кирип+, экөө тең ордуларынан турду. Муну көргөндөрдүн баарын катуу коркунуч басты.
12 Анан ал экөө асмандан: «Бул жакка чыккыла»+,— деген катуу үндү угушту+. Алар булут менен асманга көтөрүлүп кетишти, душмандары болсо аларды карап турушту.
13 Ошол учурда катуу жер титирөө болуп, шаардын ондон бир бөлүгү+ кыйрап калды. Жер титирөөдөн 7 000 киши өлдү. Калгандарын коркунуч басып, асман Кудайын даңкташты+.
14 Экинчи кайгы+ өтүп кетти. Бирок үчүнчү кайгы тездик менен жакындап келатат.
15 Жетинчи периште сурнайын тартканда+, асманда: «Дүйнөнүн үстүнөн болгон падышалык бийлик эми Кудайыбызга жана анын Машаягына+ таандык+. Кудай түбөлүктөн түбөлүккө падышалык кылат»+,— деген катуу үндөр угулду.
16 Ошондо Кудайдын алдында өз тактыларында отурган жыйырма төрт аксакал+ жүзтөмөндөп жыгылып+, Кудайга таазим кылышты да+,
17 мындай дешти: «Азыр да, мурун да бар болгон+ Кудурети Күчтүү Жахаба Кудай+, биз сага ыраазычылык билдиребиз+, анткени сен улуу бийликти колуңа алып+, падышалык кыла баштадың+.
18 Бирок элдер ачууланышты. Өз каарыңды төгө турган убак келди. Өлгөндөрдү соттош үчүн, кулдарыңа, пайгамбарларыңа+, ыйыктарыңа, ысмыңдан корккондорго, жогорку даражалуулар менен карапайымдарга+ сыйлык бериш үчүн+, ошондой эле жерди кыйраткандарды+ кыйратыш үчүн+ белгиленген убакыт келди».
19 Кудайдын асмандагы ибадатканасынын+ ыйык жайы+ ачылып, ал жерден Анын келишим сандыгы+ көрүндү. Ошондо чагылган жарк-журк этип, үндөр угулуп, күн күркүрөп, жер титиреп, катуу мөндүр жаады.
Шилтемелер
^ Же: «курмандык жайын».