1 Тиметей 2:1—15
2 Ошентип, баарынан мурда ар кандай адамдар үчүн+ Кудайга жалынуу, тиленүү+, өтүнүч жана ыраазычылык менен кайрылууга үндөйм.
2 Мындан ары да Кудайдан толук берилгендик менен, салабаттуулук менен, тынч, бейпил жашашыбыз үчүн+, падышалар+ менен жогорку абалды ээлегендердин баары үчүн тиленгиле+.
3 Бул Куткаруучубуз Кудайдын+ көз алдында жакшы жана жагымдуу+.
4 Ал ар кандай адамдардын+ куткарылышын+, чындыкты+ так таанып-билишин каалайт+.
5 Анткени бир Кудай+ бар жана Кудай менен адамдардын+ ортосунда+ бир арачы бар+. Ал — адам Машаяк Иса+.
6 Ал өзүнүн өмүрүн бардыгы үчүн ылайыктуу кун катары берген+. Бул жөнүндө өз убагында күбөлөндүрүлүшү керек.
7 Ушул максатта+ мен кабарчы, элчи болууга+, ишеним+ жана чындык жөнүндө башка элдерди+ окутууга дайындалгам+. Мен чындыкты айтып жатам, калп айткан жокмун.
8 Ошондуктан эркектердин каарданбай+, талашып-тартышпай+, Кудайдан берилгендик менен бардык жерде колдорун жогору көтөрүп тиленишин каалайм+.
9 Ошо сыяктуу эле, аялдар өздөрүн өзгөчө өрүлгөн чачы, алтын, бермет же абдан кымбат кийим менен эмес+, тыкан кийим менен, уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен+,
10 Кудайга сыйынарын ырастаган аялдарга+ мүнөздүү жакшы иштер менен жасалгалашсын+.
11 Аялдар толук баш ийүү менен унчукпай үйрөнсүн+.
12 Аял кишинин окутушуна да+, эркекти башкарышына да тыюу салам+; ал унчукпасын.
13 Анткени адегенде Адам, андан кийин Обо жаратылган+.
14 Ошондой эле Адам эмес+, аял алданган+. Ал алданып, кылмыш кылган+.
15 Ошентсе да аял акыл-эстүүлүк менен+ ишенимин, сүйүүсүн, ыйыктыгын сактаса, аны бала төрөгөнү коргойт+.