Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрүнүн Мырзанын кечки тамагын белгилегени эмне үчүн башка диндерден айырмаланат?

Жахабанын Күбөлөрүнүн Мырзанын кечки тамагын белгилегени эмне үчүн башка диндерден айырмаланат?

 Биз «Мырзабыздын кечки тамагы», «Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү кечеси» жана «Теңирдин Кечки Тамагы» деп да белгилүү болгон Мырзанын кечки тамагын белгилөөдө Ыйык Китепте жазылгандарга так карманабыз (1 Корунттуктар 11:20, «Үмүт нуру»). Ал эми башка диндердин бул кечти өткөрүүгө байланыштуу көз караштары жана жөрөлгөлөрү Ыйык Китепке негизделбейт.

Максаты

 Мырзанын кечки тамагын белгилөөнүн максаты — Иса Машаякты эскерип, биз үчүн өмүрүн курмандыкка чалганына ыраазычылык билдирүү (Матай 20:28; 1 Корунттуктар 11:24). Бул Кудайдын ырайымына ээ болууга же күнөөлөрдүн кечирилишине шарт түзгөн диний каада эмес. Ыйык Китепте күнөөлөрүбүз диний жөрөлгөнү аткаруунун аркасында эмес, Иса Машаякка ишенүүнүн аркасында гана кечирилери айтылат (Римдиктер 3:25; 1 Жакан 2:1, 2).

Бат-баттан белгилөө керекпи?

 Иса Машаяк шакирттерине өзүнүн өлгөн күнүн белгилеп турууну айткан, бирок бат-баттан белгилеп турууну айткан эмес (Лука 22:19). Айрымдар муну ай сайын, башкалар жума сайын, күн сайын, бир күндө бир нече жолу же качан туура көрсө ошондо белгилей бериш керек деген ойдо. Бирок төмөнкү нерселерди эске алышыбыз кажет.

 Иса Машаяк ал кечти жүйүттөрдүн Пасах майрамы болгон күнү негиздеген жана ошол эле күнү кечке маал өлгөн (Матай 26:1, 2). Бул кокусунан эле дал келип калган эмес. Ыйык Китепте Исанын курмандыгы Пасахта союлган козуга салыштырылат (1 Корунттуктар 5:7, 8). Пасах майрамы болсо жылына бир жолу белгиленчү (Чыгуу 12:1—6; Лебилер 23:5). Ошол себептен Иса Машаяктын өлгөн күнүн анын алгачкы шакирттери жылына бир эле жолу белгилешкен. Жахабанын Күбөлөрү да ошондой кылышат.

Күнү жана убактысы

 Иса Машаяктын ошол кечени качан негиздегени Эскерүү кечесин канчалык бат-баттан белгилеш керектигин эле эмес, анын кайсы күнү жана кайсы убакта белгилениши керектигин да аныктоого жардам берет. Иса жаңы аземди, еврей календары боюнча, б.з. 33-жылы, 14-нисанда күн баткандан кийин негиздеген (Матай 26:18—20, 26). Биз, анын алгачкы жолдоочуларындай болуп, Эскерүү кечесин жыл сайын ошол күнү белгилеп келебиз a.

 Б.з. 33-жылы 14-нисан жума күнүнө туш келген, бирок жыл сайын ал күн аптанын ар кайсы күнүнө туш келе берет. Биз 14-нисан жыл сайын кайсы күнгө туш келерин жүйүттөрдүн бүгүнкү күндөгү календары боюнча эмес, Исанын күндөрүндөгү ыкманын негизинде аныктайбыз b.

Нан менен шарап

 Кечени негиздеп жатканда Иса Пасахтан калган, ачыткы кошулбай бышырылган нан менен кызыл шарапты колдонгон (Матай 26:26—28). Ошол үлгүгө ылайык, биз ачытылбаган камырдан жасалган жана эч нерсе кошулбаган нанды колдонобуз. Ошондой эле кечеде жүзүмдүн ширеси же шекер, спирт же ар кандай татымалдар кошулган шарап эмес, кызыл нак шарап колдонулат.

 Айрым диндерде ачыткы кошулган нан колдонулат, бирок Ыйык Китепте ачыткы күнөөнү жана бузулгандыкты билдирери айтылат (Лука 12:1; 1 Корунттуктар 5:6—8; Галатиялыктар 5:7—9). Ошол себептен ачыткы жана башка нерселер кошулбаган нан гана Иса Машаяктын күнөөсүз денесинин ылайыктуу символу боло алат (1 Петир 2:22). Кечеде шараптын ордуна ачытылбаган жүзүмдүн ширеси колдонулганы да Ыйык Китепте айтылгандарга дал келбейт. Айрым чиркөөлөр Ыйык Китепте ичимдик ичкенге тыюу салынат деп туура эмес ойлогондуктан жүзүмдүн ширесин колдонушат (1 Тиметей 5:23).

Денесин жана канын билдирген символдор

 Эскерүү кечесинде колдонулган, ачыткы кошулбаган нан менен кызыл шарап Иса Машаяктын денеси менен канын билдирген тек гана символдор. Алар, айрымдар ойлогондой, кереметтүү түрдө кадимки денеге жана канга айланган эмес. Келгиле, Ыйык Китепте буга кандай далилдер бар экенин карап көрөлү.

  •   Эгер Иса шакирттерине анын канын ичүүнү буйруса, Кудайдын канга байланыштуу мыйзамын бузгула деп айткан болуп калмак (Башталыш 9:4; Элчилер 15:28, 29). Бул мүмкүн эмес болчу, анткени Иса Кудайдын кандын ыйыктыгына байланыштуу мыйзамын бузууга эч качан үйрөтмөк эмес (Жакан 8:28, 29).

  •   Элчилер Исанын канын ичишкен болсо, ал аларга: «Бул көптөрдүн күнөөлөрү... үчүн төгүлө турган каным»,— деп айтпайт болчу (Матай 26:28). «Төгүлө турган» деген сөздөр анын ошол учурда өмүрүн курмандыкка чала электигин көрсөтүп турган (Матай 26:28).

  •   Иса Машаяк өмүрүн «бир эле жолу» курмандыкка чалган (Еврейлер 9:25, 26). Эгер нан менен шарап Мырзанын кечки тамагында анын денеси менен канына айланган болсо, кечени өткөргөндөр аны кайра-кайра курмандыкка чалгандай болуп калмак.

  •   Иса: «Муну мени курмандыкка чалыш үчүн кылгыла»,— деп эмес: «Муну мени эскериш үчүн кылгыла»,— деп айткан (1 Корунттуктар 11:24).

 Нан менен шарап сөздүн түз маанисинде Исанын денеси менен канына айланган деп ишенгендер муну Ыйык Китептеги айрым аяттардагы белгилүү бир сөздөргө негиздешет. Мисалы, Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда, анын ичинде «Үмүт нуру» котормосунда Исанын шарап жөнүндө айткандары: «Бул — Менин каным»,— деп берилген (Матай 26:28). Бирок ал сөздөрдү «Бул менин канымды билдирет», «Бул менин канымды символдоштурат» же «Бул менин каныма салыштырылат» деп да которсо болот. Иса ошондо, ага чейин көп колдонуп келгендей эле, метафораны колдонгон (Матай 13:34, 35).

Кимдер ооз тиет?

 Жахабанын Күбөлөрү Мырзанын кечки тамагын белгилегенде нан менен шараптан аз эле адам ооз тиет. Эмне үчүн?

 Иса Машаяктын төгүлгөн канынын негизинде «жаңы келишим» түзүлүп, Жахаба Кудай менен байыркы ысрайыл элинин ортосундагы келишим жокко чыгарылган (Еврейлер 8:10—13). Жаңы келишимге киргендер гана Эскерүү кечесиндеги символдордон ооз тиет. Аларга Иса Машаяктын бардык жолдоочулары эмес, өзгөчө жол менен «Кудай тарабынан чакырылгандар» гана кирет (Еврейлер 9:15; Лука 22:20). Алар Машаяк менен бирге асмандан бийлик кылышат. Ыйык Китепте андай сыймыкка 144 000 киши гана ээ болору айтылган (Лука 22:28—30; Аян 5:9, 10; 14:1, 3).

 Машаяк менен бирге башкаруу үчүн тандалган ошол «кичине отордон» айырмаланып, «эбегейсиз көп адамдар» жер бетинде жашоого үмүттөнө алат (Лука 12:32; Аян 7:9, 10). Жерде жашай тургандар Эскерүү кечесиндеги символдордон ооз тийбесе да, Иса Машаяктын өмүрүн курмандыкка бергенине ыраазычылык билдирүү үчүн Эскерүү кечесине чогулушат (1 Жакан 2:2).

a Карагыла: «The New Cambridge History of the Bible», 1-том, 841-бет.

b Жүйүттөрдүн азыркы календарында нисан айы астрономия илими боюнча Ай жаңыргандан баштап эсептелет, бирок 1-кылымда мындай ыкма менен эсептелчү эмес. Ал учурда Иерусалимдин төбөсүнөн Ай ичке орок сыяктуу болуп көрүнгөндө нисан айы башталды деп эсептелчү. Бул учур астрономия илими боюнча Ай жаңыргандан бир же бир нече күн өткөндөн кийин болушу мүмкүн эле. Жахабанын Күбөлөрү Эскерүү кечесин белгилеген күн азыркы жүйүттөр Пасах майрамын белгилеген күнгө дайыма эле туш келе бербей турганынын бир себеби ушунда.