Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жерди ким сактап кала алат?

Жерди ким сактап кала алат?

 Адамзаттын Жерге жана андагы тиричиликке зыян келтирип жатканы көптөрдүн тынчын алууда. Айрым биологдордун айтымында, адам баласынын иш-аракеттери табияттагы биотүрдүүлүктүн азайышына жана түрлөрдүн жок болуп кетишине болуп көрбөгөндөй чоң коркунуч туудурууда.

 Адамдар Жерди кыйратып салышы мүмкүнбү? Алар табият менен таттуу мамиледе боло турган убак келеби?

Адамдардын иш-аракетинен майнап чыгабы?

 Көп илимпоздор адамдар жерди коргоп, жаратылышка аяр мамиле кылып жашай алат деп ишенишет. Антиш үчүн, алардын айтымында, бир учурда көп нерселерди өзгөртүш керек. Мисал үчүн:

  •   Жерге, токойлорго, саздак аймактарга жана океандарга тийиштүү түрдө кам көрүү

  •   Айыл-чарба иштерин жүргүзүүдө жана энергияны сарптоодо ар кандай жаңы ыкмаларды ойлоп табуу

  •   Керектелип жаткан жалпы тамак-ашты азайтып, ысырапкорчулукка бөгөт коюш үчүн эт менен балыкка караганда жашылча-жемишке көбүрөөк басым жасоо

  •   Жакшы жашоо материалдык нерселердин көптүгүнөн көз каранды эмес экенин түшүнүү

 Кандай деп ойлойсуңар? Жеке адамдар, ишкерлер, өкмөттөр бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бул маселени чечиши мүмкүнбү? Же буга адамдын жүрөгүнөн терең тамыр алган ач көздүк, өзүмчүлдүк жана келечегин ойлобой иш кылганы тоскоолдук кылышы мүмкүнбү? (2 Тиметей 3:1—5).

Планетабыздын келечеги кең!

 Ыйык Китепте Жер планетабыздын кыйратылбай турганы айтылган. Анда адамдар Жерди өз күчү менен эмне үчүн сактап кала албай турганы түшүндүрүлгөн. Ошондой эле кандай өзгөрүүлөр болору, алар эмненин аркасында болору жазылган.

 Планетабызды сактап калуу адамдардын колунан келбейт. Жахаба a Кудай жерди жаратып, ага кам көрүүгө адамдарды дайындаган (Башталыш 1:28; 2:15). Адамдар Жараткандан жетекчилик издеп, ага баш ийгенде гана ал дайындаган ишти ийгиликтүү аткара алат (Накыл сөздөр 20:24). Бирок, тилекке каршы, алар Жахабаны четке кагып, өздөрү каалаган жолго түшүшкөн (Насаатчы 7:29). Кудайдын жардамысыз адамдар өз күчү менен жерге кам көрө албайт. Алар кайсы бир жактан ийгиликке жетсе да, толугу менен көйгөйдү чече албайт (Накыл сөздөр 21:30; Жеремия 10:23).

 Баары түп-тамыры менен өзгөрүшү зарыл. Кудай Жерди кыйраткандарды жок кылат (Аян 11:18). Ал Жерге зыян келтирип жаткан өкмөттөрдү жана уюмдарды өзгөртпөйт; ал аларды орду-түбү менен алмаштырат (Аян 21:1). Ошол себептен Жахаба: «Мына, мен бардыгын жаңы жаратып жатам»,— деп айткан (Аян 21:5).

 Мунун баары эмненин аркасында ишке ашат? Жахаба адамдар башкарган өкмөттөрдү жоюп, өзүнүн өкмөтүн орнотот. Асмандан башкара турган ал өкмөт Кудайдын Падышалыгы деп аталат. Ал Падышалыктын Падышасы Иса Машаяк бүт жер жүзүнө бийлик кылат (Даниел 2:44; Матай 6:10).

 Кудайды Падышалыгы адамзатка Кудайдын адил нормаларына ылайык жашаганды үйрөтөт. Адамдар Кудайды Жаратканы катары кабыл алып, анын жетекчилигине баш ийсе, табият менен таттуу мамиледе боло алат (Ышая 11:9). Ыйык Китепке ылайык, Кудайдын өкмөтү өзүнүн жарандарына жаратылышка зыян келтирбеген жакшы жашоо-шартын түзүп берет. Ал өкмөт жерди башкарганда...

 Кудайдын Падышалыгы ушулардын баарын жакында жүзөгө ашырарына ишенсеңер болот. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Кудайдын Падышалыгы жер жүзүн качан башкара баштайт?» деген макаланы окуп көргүлө.

a Жахаба — Кудайдын ысмы (Забур 83:18).