Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китеп тууралуу жалпы маалымат

Ыйык Китеп тууралуу жалпы маалымат

Ыйык Китеп — тарыхтагы эң эле кеңири тараган китептердин бири. Аны көптөр жогору баалашат. Анткен менен: «Ыйык Китепте эмнелер жөнүндө айтылат?» — деп сурагандар да бар.

«Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?» деген китепчеде Ыйык Китеп тууралуу жалпы маалымат берилет. Аны окуп чыксаңыз, Ыйык Китептин башынан аягына чейин бир эле тема караларын биле аласыз. Китепчеден Башталыш китебинде баяндалган жаратуудан баштап, жаркын келечекке үмүт берген Аян китебине чейин эмнелер жазылганын да окуй аласыз. Ошондой эле анда маанилүү окуялар качан болгонун көрсөткөн убакыт сызыгы бар. Андан тышкары, ал китепче кооз сүрөттөргө жана ой жүгүртүүгө түрткү берген суроолорго да бай.

«Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?» китепчесин онлайн окуңуз.