Мазмунун көрсөтүү

Ыйык Китепте жер жалпак деп айтылабы?

Ыйык Китепте жер жалпак деп айтылабы?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Жок, Ыйык Китепте жер жалпак деп айтылбайт a. Ыйык Китеп илимий китеп эмес. Ошентсе да анда жазылгандардын эч бири илимге каршы келбейт. Анда айтылгандар «кылымдарга, түбөлүккө» турат (Забур 111:8).

 Ыйык Китептеги «төгөрөктүн төрт бурчу» деген сөздөр эмнени билдирет?

 Ыйык Китептеги «төгөрөктүн төрт бурчу» жана «жердин учу-кыйыры» деген сөздөрдү жердин бурчу же учу деп түзмө-түз түшүнбөшүбүз керек (Ышая 11:12; Аюп 37:3). Бул аяттарда, сыягы, бүт жер бети каймана тил менен ушинтип сүрөттөлгөн. Ыйык Китепте чыгыш менен батыш, түндүк менен түштүк жөнүндө айтылгандарды да ушундай мааниде түшүнсөк болот (Лука 13:29).

 «Бурч» же «учу-кыйыры» деп которулган еврей сөзү, калыбы, «канат» деген сөзгө негизделген идиома болуп саналат. Бир энциклопедияга ылайык, «чымчык канатын жайып балапандарын калкалайт. Ошон үчүн „канат“ деген сөз [еврей сөзү] жайылып жаткан бир нерсенин учун сүрөттөө үчүн колдонулат». Ошол эле эмгекте «канат» деген сөздүн Аюп 37:3тө жана Ышая 11:12де «жердин чектерин, атап айтканда, жердин бетинин учу-кыйырын билдирген мааниде колдонулганы» айтылат («The International Standard Bible Encyclopedia») b.

 Ибилистин Исаны азгырганына байланыштуу эмне деп айтууга болот?

 Исаны азгырыш үчүн «Ибилис аны абдан бийик тоого алып чыгып, дүйнөдөгү бардык падышалыктарды жана алардын даңкын көрсөткөн» (Матай 4:8). Айрымдар Ыйык Китептеги бул билдирүү жалпак болгон жердин бир четинен бүт дүйнөнү көрсө болот дегенди баса белгилеп турат дешет. Бирок бул билдирүүдө айтылган «абдан бийик тоо», кыязы, кадимки бир жерди билдирбейт. Муну акылга сыярлык деп эмне үчүн айтууга болот?

  •   Дүйнө жүзүндөгү бүт падышалыктарды көрсө боло турган бир да тоо жок.

  •   Ибилис Исага дүйнөдөгү бардык падышалыктарды эле эмес, «алардын даңкын» да көрсөткөн. Мындай нерселердин баарын өтө алыс жерден көрүү мүмкүн эмес. Андыктан Ибилис Исага, сыягы, көрүнүш көрсөткөн. Муну ар кайсы жерлердин сүрөтүн көрсөтүш үчүн проектор менен экранды колдонгонго салыштырсак болот.

  •   Ушул эле окуя баяндалган Лука 4:5те Ибилистин Исага «көз ирмемде жер жүзүндөгү бардык падышалыктарды көрсөткөнү» жазылган. Адамга көз ирмемде бүт жер жүзүн көрүү мүмкүн эмес. Бул Ибилистин Исаны азгырыш үчүн адамдын көзү көрө ала турган нерсени эмес, адаттан тыш нерсени колдонгонун тастыктап турат.

a Ыйык Китепте Кудай тууралуу: «Жер шарынан өйдө жашаган Бирөө бар»,— деп айтылат (Ышая 40:22). Кээ бир окумуштуулар кошулбаса да, айрым эмгектерде бул аяттагы «шар» деген сөз «тоголок» деген маанини туюнтушу мүмкүн экени жазылган. Кандай болбосун, Ыйык Китеп жер жалпак деген ойду колдобойт.

b Кайра каралган басылышы, 2-том, 4-бет.