Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Кызганычтан качыш үчүн эмне кылса болот?

Кызганычтан качыш үчүн эмне кылса болот?

 Жубайлар бири-бирине ишенбей, бири-бирин аңдый беришсе, бактылуу боло алышпайт. Андыктан, орунсуз кызганычтан кантип качсаңар болот?

Бул макалада:

 Кызгануу деген эмне?

 «Кызгануу» деген сөздүн бир нече мааниси бар. Кээде кимдир бирөө өмүрлүк жарыбызга орунсуз көңүл буруп жаткандай сезилиши мүмкүн. Ал эми айрым учурларда өмүрлүк жарыбыз башка бирөөгө ашыкча көңүл буруп жаткандай туюлушу этимал. Бул макалада кызганычтын ушул түрү жөнүндө сөз жүрөт. Андайда никебизге коркунуч туулуп жатат деп ойлошубуз ыктымал. Эгер чын эле ошондой болсо, анда кызганганыбыз туура жана орундуу. Анткени нике — бул аялы менен күйөөсүнүн ортосундагы бекем түйүн. Алар никесин коргош үчүн колунан келгендин баарын кылышы керек.

 Ыйык Китептеги принцип: «Алар — эки эмес, бир дене. Андыктан Кудай кошконду адам ажыратпасын» (Матай 19:6).

 «Эгер никеңерге коркунуч туулуп жатса, анда кызганычты өрт чыкканы жатканын эскерткен белгиге салыштырса болот. Ал жагдайдын кооптуу экенинен кабар берип, иш-аракет кылганга түрткү берет» (Бенжамин).

 Эч кандай негизи жок кызгануу себепсиз эле корккондон же шекшигенден пайда болот. Эгер түгөйүбүздү чындап сүйсөк, жүрөктү жаралаган ушундай кызганычтан оолак болобуз (1 Корунттуктар 13:4, 7). Доктор Роберт Л. Лихи мындай деп жазган: «Эч кандай себеби жок эле кызгана берсең, коргойм деген нерсеңди — жубайың менен болгон мамилеңди — бузуп аласың» a.

 Негизсиз кызганууга эмне себеп болот?

 Балким, мурда турмуш куруп, өмүрлүк жарың көзүңө чөп салгандыр. Оозу сүткө күйгөн айранды үйлөп ичет дегендей, эч кандай себеп жок эле кызгана беришиң мүмкүн. Же болбосо атаң же апаң ишенимсиздик кылып, ажырашып кетишкендир. Ошон үчүн да менин да жубайым ошондой кылат деп коркушуң мүмкүн.

 «Мен кичирээк кезимде атам ойнош күтүп алган. Ошон үчүн башкаларга ишениш мен үчүн кыйын. Жан дүйнөмдү жаралаган бул нерседен арыла албай келем. Кээде ичимде жашаган шек саноо башын кылтыйтып турат» (Мелиса).

 Дагы бир себеп: эгер дайыма эле кооптоно берсең, башкалар никебизди бузганы жатат деген ойго алдыра беришиң ыктымал. Атүгүл мүмкүнчүлүк болсо эле күйөөм же аялым мени таштап, башка бирөөгө кетип калат деп ишене башташың этимал.

 «Күйөөмдөн досу үйлөнүү тоюнда күйөө жолдош болушун суранган. Эгер ал макул болсо, колуктунун курбусу менен чогуу бийлеп, чогуу сүрөткө түшүп, ушул сыяктуу иштерди чогуу кылмак. Бул мага жаккан эмес. Ошон үчүн күйөөмө макул болбой эле кой деп айткам» (Наоми).

 Ар кайсы өлкөлөрдө үйлөнүү үлпөтү ар кандай өтөт. Ошентсе да, Кудайдын кызматчылары Ыйык Китептеги принциптерге жетектелиши керек. Наоми туура кылганбы? Ал артка кылчая карап, анын ошондо кызганганы негизсиз болгонун түшүнгөн. «Ошол учурда мен коркком. Анткени күйөөм мени башка аялдар менен салыштырат деп ойлочумун. Бирок бул менин эле оюм болчу»,— дейт ал.

 Себеби кандай болбосун, өтө эле кызгана берсең, бул сени өмүрлүк жарыңан шектенип, атүгүл аны адилетсиз түрдө күнөөлөгөнгө түртүшү мүмкүн. Ошонун айынан мамилеңерге доо кетип, керек болсо, ден соолугуңар жабыркашы ыктымал.

 Ыйык Китептеги принцип: «Кызганыч бул ракка окшош» (Накыл сөздөр 14:30, «Оңой окулган котормо», «Easy-to-Read Version»).

 Кызганычыңды кантип ооздуктасаң болот?

 Көбүрөөк ишеним арт. Ишенимсиздиктин белгилерин аңдый бербей, жарыңдын ишенимиңе татыш үчүн эмнелерди кылып келатканына көңүл топто.

 «Мен жолдошумдун жакшы сапаттары жөнүндө ойлоном. Эгер ал башка бирөөгө көңүл буруп жатса, муну ниети жаман болгону үчүн эмес, камкор болгону үчүн кылат. Ата-энем бири-бирине берилгендик сактабаса эле, менин үй-бүлөмдө да ошондой болот дегенди билдирбей турганын эсиме салып турам» (Мелиса).

 Ыйык Китептеги принцип: «Сүйүү... баарына ишенет» (1 Корунттуктар 13:4, 7).

 Шек санап жатканың негиздүүбү? Жанараак сөз кылынган Доктор Лихи мындай дейт: «Кээде биз оюбуздагы нерселерди чындык катары кабыл алып алабыз. Анан ошого бекем ишенгенибизди далил деп ойлоп алабыз. Бирок биз бир нерсени чындык деп ойлосок, ал сөзсүз эле чындык болуп калбайт. Ошого бекем ишенгенибиз бул сөзсүз эле далил эмес» b.

 «Кайсы бир жагдайга туш болгондо туура эмес ойго алдырып, жаман нерселерди элестетип алсак, коломто отубузга суу сепкен болобуз» (Надине).

 Ыйык Китептеги принцип: «Эстүүлүгүңөр бардык адамдарга белгилүү болсун» (Филипиликтер 4:5).

 Оюңарды ортого салгыла. Кызганычтын тамыры эмнеде болбосун, сени эмне тынчсыздандырып жатканын түгөйүңө ачык айт. Ошондо экөөңөр бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, эстүүлүк менен чек коюп аласыңар.

 «Ачык сүйлөшүп жатканда: „Жарым менин жүрөгүмдү оорутайын деген жок. Ал дагы көйгөйдү чечкенге аракет кылып жатат“,— деп ойлон. Бири-бириңердин ниетиңерге шектенбегиле. Балким, сен өтө эле сезимталдырсың, же өтө эле көптү күтө береттирсиң. Же болбосо күйөөң же аялың сага жетиштүү көңүл бурбай жатканын билбейттир» (Сиара).

 Ыйык Китептеги принцип: «Ар бир адам өзүнүн эмес, башканын пайдасын көздөсүн» (1 Корунттуктар 10:24).

a b «Кызганычтын дабасы» деген китептен алынган («The Jealousy Cure»).