Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Балдар жана соцтармактар (1-бөлүк). Балам соцтармактарды колдонушу керекпи?

Балдар жана соцтармактар (1-бөлүк). Балам соцтармактарды колдонушу керекпи?

 Бир сурамжылоодон өспүрүмдөрдүн 97 пайызы соцтармактарды колдонушары айкын болгон. Силердин балаңар да соцтармактарга катталгысы келеби? Эгер ошондой болсо, төмөнкү нерселерди эске алганыңар маанилүү.

Бул макалада:

 Балаңар канча убакыт коротот?

 «Соцтармактар атайын бүт көңүлүңдү ээлеп алгыдай, Интернеттен чыкпай, эмнелер жаңы салынды болду экен деп кайра-кайра кирип, текшере бергидей кылып жасалат», делет бир веб-сайтта («HelpGuide»).

 «Жакшы эле бир нече мүнөткө деп киресиң, бирок улам бир нерсени карап отуруп кантип бир нече саат өтүп кеткенин билбей каласың. Кээде пайдалуураак бир нерсе менен алектениш үчүн телефонуңду ары жакка алып коюш кыйынга турат» (Линн, 20 жаш).

 Ойлонуп көргүлө: Балам соцтармактарга канча убакыт короторуна байланыштуу койгон эрежелериме кармана алабы? Өзүн башкара билеби? Соцтармактарга убактысы көп кетип калбашы үчүн өзүн-өзү чектей алабы?

 Ыйык Китептеги принцип: «Кандай жашап жатканыңарга жакшылап көңүл буруп,.. акылдуулардай жашагыла. Убакытты пайдалана билгиле» (Эфестиктер 5:15, 16).

Балаңарга соцтармакты туура колдонгонду түшүндүрбөй туруп ага катталууга уруксат берип коюу эч нерсени үйрөтпөй туруп атка мингизип коюуга барабар

 Достукка болгон көз карашы кандай?

 Соцтармактар ар кандай адамдар менен достошууга жана алар менен байланышып турууга шарт түзөт. Аларды колдонгондорго достору көптөй сезилет. Бирок чынында ал адамдардын баарын чыныгы дос деп айта албайсың.

 «Көптөгөн жаштар: „Менин катталуучуларым, мага лайк баскандар көп. Демек, алар мени баалашат, мен аларга керекмин“,— деп жаңылыш ойлоп алышат. Бирок чынында алар бири-бирин таанышпайт деле» (Патришия, 17 жаш).

 Ойлонуп көргүлө: Балам канчалык акыл-эстүү? Катталуучулардын, лайктардын көптүгүнө өтө эле көп көңүл бурбайбы? Онлайн эле эмес, кадимки жашоодо да досторду күтө билеби?

 Ыйык Китептеги принцип: «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай» (Накыл сөздөр 17:17).

 Эмоциялык саламаттыгына кандай таасир этет?

 Изилдөөчүлөрдүн айтымында, соцтармактарды өтө көп колдонгон адам жалгызсырашы, көп тынчсызданышы, атүгүл депрессияга чалдыгышы мүмкүн.

 «Досторуңдун сүрөттөрүнөн сен жок эле жыргап жүрүшкөнүн көргөндө жаман болуп каласың» (Серена, 19 жаш).

 Ойлонуп көргүлө: Балам соцтармактардын тузактарына түшүп калуудан кача алабы? Мисалы, мактанбаганга, атаандашпаганга аракет кылабы? Башкалардын соцтармактарга салгандарын көргөндө көңүлү чөкпөйбү?

 Ыйык Китептеги принцип: «Менменсинбейли, бири-бирибизге атаандашпайлы, ичи тарлык кылбайлы» (Галатиялыктар 5:26).

 Соцтармактарда өзүн жакшы алып жүрө алабы?

 Соцтармактарда коркутуп-үркүтүү, басынтуу, секстинг жана порнография көп кездешет. Балаңар мындай нерселерден алыс болсо да, бир күнү болбосо, бир күнү буларга туш болуп калышы мүмкүн.

 «Бир караганда соцтармактардагы маалымат анча деле зыяны жоктой сезилет. Бирок уятсыз сөздөр, адепсиз ырлар күтүлбөгөн жерден чыга калган учурлар көп болот» (Линда, 23 жаш).

 Ойлонуп көргүлө: Балама канчалык ишене алам? Соцтармактарда өзүн жакшы алып жүрө алабы? Кокус жаман нерселер чыгып калса, аны көрбөгөнгө же укпаганга эрки жетеби?

 Ыйык Китептеги принцип: «Араңарда бузуктук, ар кандай ыпыластык же ач көздүк жөнүндө сөз да болбосун... Ошондой эле уятсыз жүрүм-турум, маңызсыз сөздөр, адепсиз тамашалар сыяктуу орунсуз нерселерге да жол берилбесин» (Эфестиктер 5:3, 4).

 Соцтармактар чынында эле зарылбы?

 Соцтармактар жашоо үчүн абдан зарыл нерсе эмес. Ансыз деле бактылуу болсоң болот. Көптөгөн жаштар соцтармактарга кирбей эле кубанычтуу, кызыктуу жашоо өткөрүшөт. Алар өздөрүн бир нерседен кур калгандай сезишпейт. Алардын арасында мурда соцтармактарды колдонгон, бирок кийин аккаунтун өчүрүп салууну чечкен жаштар да аз эмес.

 «Соцтармактардын эжеме терс таасир эткенин көрчүмүн, ошон үчүн мен да аларды колдонбой калдым. Ошенткенден тартып өзүмдү бактылуураак сезип калдым. Ансыз деле жашооңду кызыктуу окуяларга бай кылып өткөрсөң болот экен» (Нейтан, 17 жаш).

 Жыйынтык: Балаңарга соцтармактарга катталганга уруксат берерден мурун булар тууралуу ойлонуп көргүлө: Балам соцтармактарга короткон убактысын чектегенге эрки жетеби? Онлайн эмес, кадимки досторду күткөндү билеби? Зыяндуу маалыматтардан кача алабы?

 Ыйык Китептеги принцип: «Баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат» (Накыл сөздөр 14:15).