Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР

Балам бейбаш балдардан запкы көрүп жатса, эмне кылсам болот?

Балам бейбаш балдардан запкы көрүп жатса, эмне кылсам болот?

 Уулуңар мектептеги балдардан запкы көрүп жатканын айтса, эмне кыласыңар? Мугалимдерден аларды жазалашын талап кыласыңарбы? Уулуңарды андай балдарга өзүнө жараша жооп кайтарууга үйрөтөсүңөрбү? Бул суроолорго жооп берерден мурун запкы деген өз ичине эмнени камтый турганын билип алганыңар жакшы a.

 Запкы жөнүндө эмнелерди билишим керек?

 Запкы деген эмне? Запкы — бул кимдир бирөөгө дайыма жана атайылап көрсөтүлгөн, ага зыян алып келген же жан дүйнөсүн жабыркаткан кордук. Андыктан ар бир эле суук сөздү же жаман мамилени запкы деп айтууга болбойт.

 Муну билүү эмне үчүн маанилүү? Айрымдар аларды капа кылгандардын баарын, алардын кылганы анча деле олуттуу болбосо да, запкы көрсөтүп жатат деп эсептешет. Бирок майда-чүйдө нерселердин баарын көйгөй катары көрө берсеңер, өзүңөр байкабай эле уулуңарды көйгөйдү чечүү анын колунан келбейт дегенге ишендирип коюшуңар мүмкүн. Бул туура эмес, анткени кыйынчылыкты чечүүгө үйрөнгөнүнүн ага азыр да, келечекте да пайдасы тиет.

 Ыйык Китептеги принцип: «Таарынууга шашпа» (Насаатчы 7:9).

 Жыйынтык: Айрым жагдайларда кийлигишкениңер туура болушу мүмкүн, бирок башка учурларда андай кылбай эле койгонуңар оң. Себеби мунун аркасында балаңар кыйынчылыкты жеңүүгө, түшүнбөстүктөрдү чечүүгө үйрөнөт (Колосалыктар 3:13).

 Бирок балаңар кимдир бирөөнүн ага дайыма, атайылап запкы көрсөтүп жатканын айтса, эмне кылсаңар болот?

 Кантип жардам бере алам?

  •   Балаңарды кунт коюп уккула. 1) Эмне болуп жатканын, 2) эмне үчүн ага кордук көрсөтүп жатышканын аныктаганга аракет кылгыла. Баарын майда-чүйдөсүнө чейин билмейинче жыйынтык чыгаргандан алыс болгула. «Мен билбеген дагы бир нерсе болушу мүмкүнбү?» — деп ойлонуп көрсөңөр болот. Болгон нерсе тууралуу баарын билиш үчүн балаңардын мугалими менен же ага кордук көрсөткөн баланын ата-энеси менен сүйлөшүп көрөттүрсүңөр.

     Ыйык Китептеги принцип: «Ким аягына чейин укпай туруп жооп берсе, акылсыздыгын көрсөтөт жана өзүн басынтат» (Накыл сөздөр 18:13).

  •   Эгер балаңарды кордоп жатышса, жагдайдын жакшы же жаман жакка өзгөрөрү анын кандай жооп кайтарганына жараша болорун түшүнгөнгө жардам бергиле. Ыйык Китепте: «Жумшактык менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми жүрөк ооруткан сөз ачууну козгойт»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 15:1). Ооба, өч алууга умтулуу отко май чачканга барабар. Бул запкыны токтотпой эле, кайра күчөтөт.

     Ыйык Китептеги принцип: «Силерге жамандык кылгандарга жамандык кылбагыла, силерди кордогондорду кордобогула» (1 Петир 3:9).

  •   Балаңарга өч алууга умтулбаганы алсыздыкка жатпай турганын түшүндүргүлө. Бул, тескерисинче, анын күчтүү экенин көрсөтөт, себеби ошентүү менен ал аны кордогон баладай иш кылбай, өзүн өзү башкарган болот. Мындайча айтканда, бейбаш балдарга өздөрүнө жараша жооп кайтарбай эле каршы турган болот.

     Эгер балаңар киберкуугунтукка кабылып жатса, ушуну эстен чыгарбаганы өзгөчө маанилүү. Бейбаш балдарга онлайн аркылуу «оттуу жебелерди атуу», башкача айтканда, кыжырды келтирген сөздөрдү жазып жооп кайтаруу алардын андан ары да кордук көрсөтө беришине жана балаңардын да аларга окшоп калышына алып келет! Ошондуктан эч кандай жооп кайтарбаса, туура кылган болот. Натыйжада бейбаш балдар мындай ыкмасынан майнап чыкпаганын көрүп, запкы көрсөтпөй калышы мүмкүн.

     Ыйык Китептеги принцип: «Отун жок жерде от өчөт, жалаачы жок жерде уруш басылат» (Накыл сөздөр 26:20).

  •   Айрым учурларда балаңардын запкы көрсөткөн балдардан жана аларга запкы көрсөтүүгө ыңгайлуу болгон жерлерден алыс болгону жакшы. Мисалы, кайсы бир бала же балдар көбүнчө каякта көп жүрөрүн билсе, ал жактан айланып өтүп, жамандыктан кача алат.

     Ыйык Китептеги принцип: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат» (Накыл сөздөр 22:3).

Балаңардын мугалими менен же ага кордук көрсөткөн баланын ата-энеси менен сүйлөшүп көрөттүрсүңөр

 КОЛДОНУП КӨРГҮЛӨ: Балаңар кандай кылганы туура болорун, кандай кылганы туура эмес болорун ойлонуп көрсүн. Маселен:

  •  Ага кордук көрсөткөн балага көңүл бурбай койсо, эмне болушу мүмкүн?

  •  Анын өзү менен сүйлөшүп, кордогонун токтотушун айта алабы?

  •  Запкы көрсөтүп жүргөн баланы мугалимдерге айтса болобу?

  •  Ага жылуу мамиле кылып же тамашалап анын запкы көрсөткөнүн токтотушуна түрткү бере алабы?

 Балаңар киберкуугунтукка кабылып жатабы же кадимки кордукка туш болуп жатабы, кандай болбосун, ар бир жагдай ар башка болушу мүмкүн. Көйгөйдү чечиш үчүн балаңар менен чогуу иш-аракет кылгыла. Аны дайыма колдоп, жардам берериңерге ынандыргыла.

 Ыйык Китептеги принцип: «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай» (Накыл сөздөр 17:17).

a Бул макалада балдар жөнүндө айтылса да, талкууланган принциптер кыздарга да тиешелүү.