Мазмунун көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР

Ачууга алдырбаш үчүн эмне кылса болот?

Ачууга алдырбаш үчүн эмне кылса болот?

 Жубайыңар кыжырыңарга тийгидей сөздөрдү айтканда же бир нерсе кылганда, ачууңарды тыйганга аракет кыласыңар. Бирок ал башкача боло түшкөнүңөрдү көрүп, кычык сөздөрдү айтып, ого бетер жиниңерге тийиши мүмкүн. Уруш чыгып кетиши мүмкүн болгон ушундай жагдайларда ачууга алдырбаш үчүн эмне кылсаңар болот?

 Эмнелерди билишиңер керек?

  •   Ачууга алдыруу ден соолукка зыян. Изилдөөчүлөр ачууга алдыруу артериялык кан басымынын жогорулашына, жүрөк ооруларына, депрессияга жана тамак сиңирүү органдарынын жабыркашына алып келерин билдиришкен. Ошондой эле уйкунун качышына, ашыкча тынчсызданууга, тери ооруларына жана инсульт болууга себеп болору аныкталган. Ошо себептен Ыйык Китепте: «Ачууңду тый... Жамандыкка барбаш үчүн кыжырланба»,— деп жазылган (Забур 37:8).

  •   Ачууну ичте кармоо да ден соолукка зыян. Ачуулана берүү ичтен жабыркаткан оору сыяктуу. Ошондон улам терс маанай өрчүтүп, сынчыл, какшыкчыл болуп калышыңар мүмкүн. Ушунун айынан жубайыңарга силер менен жашаш кыйын болуп, никеңерге доо кетиши ыктымал.

 Эмне кылсаңар болот?

  •   Жубайыңардын жакшы сапаттарына көңүл топтогула. Жубайыңардын силерди суктандырган үч сапатын жазгыла. Кийинки жолу ага ачууланганда, анын ошол үч сапаты жөнүндө ойлонгула. Бул сабырдуу болгонго жардам берет.

     Ыйык Китептеги принцип: «Дайыма ыраазы болгула» (Колосалыктар 3:15).

  •    Кечиримдүү болгула. Адегенде жагдайга жубайыңардын көзү менен караганга аракет кылгыла. Бул, Ыйык Китепте айтылгандай, «бири-бириңерге боор ооруу менен мамиле кылганга» өбөлгө түзөт (1 Петир 3:8). Андан соң: «Кечирүү кыйын болгончолук ачууланганыма олуттуу себеп барбы?» — деп ойлонуп көргүлө.

     Ыйык Китептеги принцип: «Анын көркү айыпка маани бербегенинде» (Накыл сөздөр 19:11).

  •    Сезимдериңерди сылыктык, жумшактык менен билдиргиле. «Мен» деген ат атоочту көп колдонгула. Мисалы: «Сарсанаа болот деп ойлоп, каякта жүргөнүңдү айтып чалып койбойсуңбу»,— дегендин ордуна: «Кечигип жатканыңан улам аман-эсен болду бекен деп мен аябай сарсанаа болдум»,— деп айтканыңар жакшы. Оюңарды жумшактык менен айтканыңар сабырдуу болгонго жардам берет.

     Ыйык Китептеги принцип: «Сөзүңөр дайыма жагымдуу, туз менен татытылгандай болсун» (Колосалыктар 4:6).

  •    Урмат-сый менен кунт коюп уккула. Сезимдериңерди айтып бүткөндөн кийин жубайыңарды да уккула. Ал оюн айтып жатканда, сөзүн бөлбөгүлө. Жубайыңар айтып бүткөндөн кийин, аны кандай түшүнгөнүңөрдү ага кайра айтып бергиле. Аны угуп койгонуңардын өзү эле ачууга алдырып жибербегенге жардам бериши мүмкүн.

     Ыйык Китептеги принцип: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпасын» (Жакып 1:19).