Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Солдо: Yasser Qudaih/Anadolu via Getty Images; оңдо: RONALDO SCHEMIDT/AFP via Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Согуштун жалыны качан өчөт? Ыйык Китепте эмне делет?

Согуштун жалыны качан өчөт? Ыйык Китепте эмне делет?

 2024-жылдын 13-апрелинде Ирандын Израилге кол салганына байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш өз оюн: «Азыр жагдайды жөнгө салып, коркунучту жоё турган учур. Азыр мүмкүн болушунча өзүбүздү кармай турган убак»,— деп билдирген.

 Жакынкы чыгыштагы согуш — дүйнөдөгү баш аламандыктын чекеси эле.

 «Экинчи дүйнөлүк согуш болгондон бери согуштардын көрсөткүчү мынчалык деңгээлге жете элек болчу. Анын эпкини эки миллиард кишиге, дүйнөдөгү калктын төрттөн бир бөлүгүнө, тийип жатат» (Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши, 2023-жыл, 26-январь).

 Израилде, Газада, Сирияда, Азербайжанда, Украинада, Суданда, Эфиопияда, Нигерде, Мьянмада жана Гаитиде дагы деле согуштун илеби кайта элек a.

 Согуштар качан токтойт? Дүйнө төбөлдөрү тынчтыкты орното алабы? Ыйык Китепте эмне делет?

Согуш кайнаган дүйнө

 Дүйнөдө болуп жаткан согуш-жаңжалдар жакында согуштардын токтоорун көрсөтүп турат. Анткени согуштардын болуп жатканы — Ыйык Китептеги биздин күндөр жөнүндө айтылган пайгамбарлыктын аткарылышы. Кудайдын Сөзүндө биздин күндөр «дүйнө түзүлүшүнүн аягы» деп аталат (Матай 24:3).

  •   «Ар кайсы жерлерде согуш жүрүп жатканын угасыңар... Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт» (Матай 24:6, 7).

 Биздин күндөр жөнүндө Ыйык Китепте айтылган пайгамбарлыктар кантип аткарылып жатканы тууралуу «Кайсы белги „акыркы күндөрдө“ же „акыркы убакта“ жашап жатканыбызды көрсөтүп турат?» деген макаладан окуп көргүлө.

Согушту тыптыйпыл кылган согуш

 Ыйык Китепте адамдар жүргүзгөн согуштардын токтоору алдын ала айтылган. Бул кандайча болот? Бул адамдардын күчү менен эмес, Армагедон деп аталган «Кудурети Күчтүү Кудайдын улуу күнүндө боло турган согушта» жүзөгө ашат (Аян 16:14, 16). Ал согуштан кийин Кудай өзүнүн убадасын аткарат. Ошондо адамзат тынчтыкка бөлөнүп, бейкуттукта өмүр сүрөт (Забур 37:10, 11, 29).

 Кудайдын согушу бардык согуштарга чекит коёру жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Армагедон согушу деген эмне?» деген макаланы окуп көргүлө.

a ACLED Conflict Index, «Ranking violent conflict levels across the world», 2024-жыл, январь