Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Баш катырган суроо

Баш катырган суроо

Тимурдун катуу тынчсызданганынан мээси чыңалып чыкты. Урматтап-сыйлаган мугалими жаңы эле Чарлз Дарвиндин эволюция теориясы жөнүндө айтып берди. Ал теория окумуштуулардын илимий түшүнүктөрүн кеңейткенин, адамзатты диний ой-түшүнүктөрдөн боштондукка чыгарганын да түшүндүрдү. Эми ал окуучуларынын оюн билгиси келип жатат.

Тимурдун башы маң болууда. Ата-энеси ага Жерди жана жан бүткөндүн баарын Кудай жараткан деп окутуп-үйрөткөн. Алар Ыйык Китепте тиричиликтин келип чыгышы жөнүндө жазылгандар төгүндөлгүс чындык экенин айтышкан. Ал эми эволюциянын эч бир далилге негизделбеген теория экенин түшүндүрүшкөн. Тимурдун ата-энеси да, мугалими да анын жыргалчылыгын эле көздөп жатышат. Бирок ал кимисине ишениши керек?

Ар бир окуу жылында дүйнө жүзүндөгү миңдеген мектептерде ушул сыяктуу жагдайлар болот. Тимур жана ага окшогон окуучулар эмне кылса болот? Алардын ар бири эволюция теориясы чындык деп ырастаган далилдерди жана жандуу-жансыздын баары жаратылган деген ойду ырастаган далилдерди кылдат изилдеп, өз алдынча чечим чыгарышы зарыл.

Ыйык Китеп бизди башкалардын айткандарына ойлонбой эле ишенип калуудан сак болгонго чакырат. Ыйык Китепти жазганга катышкан бир киши: «Тажрыйбасыз ар бир сөзгө ишене берет, ал эми баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— деген (Накыл сөздөр 14:15). Ошондой эле биз, Ыйык Китепте айтылгандай, «акыл-жөндөмүбүздү» колдонуп, башкалар айткан ойлордун чын-төгүнүн текшеришибиз керек (Римдиктер 12:1, 2).

Бул китепче мектептерде баарын Кудай жараткан деп окутуш керек деген ойду жактаган айрым диндерди колдоо максатында чыгарылган эмес. Китепченин максаты — баары капысынан пайда болгон жана Ыйык Китепте жаратуу жөнүндө жазылгандар жомок деген ойлорду жактаган окумуштуулардын жүйөлөрүн талдоо.

Китепчеде тирүү организмдердин өзөгүн түзгөн клеткага басым жасалат. Андан клетканын кереметтүү түзүлүшү жөнүндө биле аласың. Ошондой эле эволюция теориясын колдогон түшүнүктөрдү талдап чыга аласың.

Эртеби-кечпи, ар бирибиз: «Тиричилик Жараткандын колунан бүткөнбү же өзү жаралганбы?» — деген суроого такалабыз. Балким, сен бул тууралуу буга чейин эле ойлонгондурсуң. Бул китепчеде көптөргө жандуу-жансыздын баары жаратылган деген тыянакка келгенге жардам берген далилдер каралат.