Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Жубайлар канткенде бактылуу боло алат?

Ыйык Китептеги кеңештер жубайлардын бактылуу болушуна көмөк кылат, себеби аларды үй-бүлөнү негиздеген Жахаба Кудай берген. Ыйык Китепте үй-бүлөнүн бактылуу болушуна өбөлгө түзгөн сапаттарды өрчүтүп, ырк кетирген жаман сапаттардан арылуу керектиги айтылат. Ошондой эле анда жубайларга бири-бири менен жакшы пикир алмашканга жардам берген кеңештер бар. Алар эркек менен аялга бак-таалайлуу өмүр сүргөнгө көмөк кылат. (Окугула: Колосалыктар 3:8—10, 12—14.)

Күйөөсү аялын, аялы күйөөсүн сыйлашы керек. Жубайлар Кудай берген милдеттерин жакшы аткарса, бактылуу болуп жашашат. (Окугула: Колосалыктар 3:18, 19.)

Өмүр бою чогуу жашаш үчүн эмне кылыш керек?

Жубайлар бири-бирин сүйсө, кармашкан колу үзүлбөй, өмүр бою бирге жашай алышат. Бири-бирибизди сүйүүнү Кудайдан үйрөнөбүз. Ал жана Иса Машаяк — башкаларды сүйүү жагынан мыкты үлгү. (Окугула: 1 Жакан 4:7, 8, 19.)

Жубайлар никени Кудай негиздегенин унутпай, аны баалашса, өмүр бою чогуу жашашат. Үй-бүлө бекем болушу үчүн, Кудай никени аял менен эркек түбөлүк бирге болгудай кылып негиздеген. Кудай аларды бири-биринин муктаждыктарын канааттандырып, бири-бирин толуктап тургудай кылып жараткандыктан, жубайлар ынтымактуу жашай алышат. Ал аларды Өзүндөй кылып, тагыраак айтканда, башкаларды сүйө алгыдай кылып жараткан. (Окугула: Башталыш 1:27; 2:18, 24.)