Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН

Галилео

Галилео

14—16-кылымдар аралыгында Европанын окумуштуулары менен философторунун ааламдын түзүлүшүнө карата ою өзгөрө баштаган. Бирок алардын көз карашы католик чиркөөсүнүн окууларына кайчы келген. Асман мейкиндигине жаңыча көз карашта боло баштагандардын бири Галилео Галилей болгон.

ГАЛИЛЕОНУН убагына чейин жашагандардын көбү Күн, планеталар жана жылдыздар Жерди айланат деп ишенип келген. Ал көз караш католик чиркөөсүнүн расмий түрдө кабыл алынган окууларынын бирин түзгөн.

Бирок Галилео ошол учурда кеңири жайылган көз караштын илимге каршы келерин телескобунун жардамы менен түшүнгөн. Ал Күндүн өзүнүн огунда айланарын анын бетиндеги тактардын жылганынан улам байкаган. Бирок Галилеонун адам баласынын аалам жөнүндөгү түшүнүгүн кыйла тереңдеткен ушу сыяктуу изилдөөлөрү анын католик чиркөөсү менен тикелей тирешишине алып келген.

ИЛИМ ЖАНА ДИН

Ага чейин ондогон жылдар мурун польшалык астроном Николай Коперник Жер Күндү айланат деген теорияны жактап чыккан. Галилео Коперниктин асман телолорунун кыймылы тууралуу жазган эмгектерин изилдеп, анын теориясын тастыктаган далилдерди топтой баштаган. Бирок элдин шылдыңынан жана четке кагылып калуудан коркуп, башында өзүнүн байкагандарын ачыкка чыгарууга шашкан эмес. Анткен менен телескоптон көргөндөрүн ичине ката албай калгандыктан, акыры ачылыштарын жалпыга маалым кылган. Окумуштуулардын айрымдары анын аргументтерине караманча каршы чыгышкан. Көп өтпөй диний төбөлдөр да элге айткан дарстарында анын көз карашын сынга ала башташкан.

1616-жылы дин кызматчы жана «ошол кездеги көрүнүктүү теолог» Беллармин католик чиркөөсүнүн Коперниктин теориясына каршы буйрук чыгарганын Галилеого билдирген. Ал аны ошол буйрукка моюн сунушун керектигин катуу эскерткендиктен, Галилео бир нече жыл бою Жер Күндү айланарын элдин алдында жактабай калган.

1623-жылы бийликке Галилеонун досу Урбан VIII келген. 1624-жылы Галилео андан 1616-жылы чыккан буйрукту жокко чыгарууну суранган. Бирок анын өтүнүчүн орундатуунун ордуна, Урбан аны Коперник менен Аристотелдин бири-бирине дал келбеген теорияларын алардын эч кимисин жактабай түшүндүрүп берүүгө үндөгөн.

Ошондо Галилео дүйнөнүн эң негизги эки системасы жөнүндө китеп жазган («Dialogue on the Great World Systems»). Урбандын айтканына карабай Галилео ал китебинде Коперниктин көз карашын жактагандай болуп калган. Кийинчерээк Галилеонун душмандары анын китебинде Рим папасы мазакталган деп айтып чыгышкан. Чиркөөнүн расмий жоболоруна каршы чыккан киши катары айыпталгандыктан жана жазалануу коркунучунун алдында тургандыктан Галилео Коперниктин теориясынан баш тартууга мажбур болгон. 1633-жылы Рим инквизициясы (чиркөө соту) аны өмүрүнүн аягына чейин үй камагына алуу өкүмүн чыгарып, эмгектерине тыюу салган. Галилео Флоренцияга жакын жайгашкан Арчетри деген айылда 1642-жылы 8-январда көз жумган.

Рим папасы Иоанн Павел II католик чиркөөсүнүн Галилеого таккан айыбын негизсиз деп тапкан

Жүздөгөн жылдар бою Галилеонун айрым эмгектери католиктерге окууга тыюу салынган китептердин тизмесинен чыгарылбай келген. Бирок 1979-жылы чиркөө Рим инквизициясынын 300 жыл мурунку ошол чечимин кайрадан карап чыккан. Ал эми 1992-жылы Рим папасы Иоанн Павел II католик чиркөөсүнүн Галилеого таккан айыбын негизсиз деп тапкан.