Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Жаратуу

Жаратуу

Кудай жерди 6 суткада жаратты беле?

«Башында Кудай асман менен жерди жаратты» (Башталыш 1:1).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Башталыш 1:1де: «Башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— делет. «Башында» деген качан болгонун так айта албайбыз, бирок илим да ааламдын башталышы бар деген ойго кошулат. Окумуштуулар акыркы изилдөөлөрдөн аалам дээрлик 14 миллиард жыл мурун пайда болгон деген тыянакка келүүдө.

Ыйык Китепте Кудай баарын 6 күндө жаратканы айтылат, бирок ал күндөр 6 сутканы билдирбейт (Башталыш 1:31). Ыйык Китептеги «күн» деген сөз ар кандай убакыт аралыгын билдирет. Алсак, баары жаралган убакыт аралыгы «Жахаба Кудай асман менен жерди жараткан күн» деп аталат (Башталыш 2:4). Ошол жаратуу «күндөрү», кыязы, миңдеген жылдарга созулган (Забур 90:4).

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Креационисттердин (Кудай баарын 6 суткада жараткан дегендер) жаратуу процесси тууралуу жоромолу Ыйык Китепте жазылгандар жалган деген ойго түртүшү мүмкүн. Ыйык Китепте жаратуу жөнүндө айтылгандарга ишенсе болоруна көзүңөр жетсе, андан — «акылмандыктын» казынасынан — көп кенч табасыңар (Накыл сөздөр 3:21).

 Кудай баарын эволюция жолу менен жаратты беле?

«Кудай: „Жер үстүндө тирүү жандыктар... түр-түрү менен пайда болсун“,— деди» (Башталыш 1:24).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудай тиричиликтин алгачкы жөнөкөй формасын жаратып, өрчүп-өнүгүүнүн аркасында татаал формага айлангыдай кылган эмес. Ал башында эле татаал түзүлүштөгү жаныбарларды, өсүмдүктөрдү «түр-түрү менен» жараткан жана алар кийин «түр-түрү менен» көбөйгөн (Башталыш 1:11, 21, 24). Бүгүнкү күнгө чейин уланып жаткан бул процесстин натыйжасында жер Кудай башында жараткан жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн «түрүнө» толду (Забур 89:11).

Ыйык Китепте бир түрдөгү жаныбарларды аргындаштыруунун же жаныбарлардын чөйрөгө ылайыкташуусунун натыйжасында алардын канчалык деңгээлде өзгөрөрүнө байланыштуу так аныктама берилбейт. Мындай ылайыкташууну айрымдар эволюция процесси деп эсептешсе да, жаңы түр пайда болгон жок. Акыркы изилдөөлөрдөн өсүмдүктөр менен жаныбарлардын алгачкы түрлөрү абдан узак убакыттан бери кичине эле өзгөргөнү айкын болууда.

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Ыйык Китептеги «түрлөр» жөнүндөгү билдирүүнүн илимге шайкеш келгени анда жазылгандардын, анын ичинде тарыхый маалыматтардын так экенине жана алдын ала айтылгандардын сөзсүз аткарыларына шектенбесек болорун далилдеп турат.

Ааламдын баштапкы материясы кайдан пайда болгон?

«Асманды колум менен жайгам» (Ышая 45:12).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудай — чексиз күч-кубаттын, энергиянын булагы (Аюп 37:23). Бул көңүлгө аларлык, себеби окумуштуулар энергиянын материяга айланарын аныкташты. Ыйык Китепте Кудайдын «кубаты эбегейсиз» зор күчтүн булагы экени жана аны колдонуп ааламды жаратканы айтылат (Ышая 40:26). Кудай күчүн жаратууларына көз салып, жөнгө салып турууга жумшаарын убада кылат. Мисалы, Ыйык Китепте күн, ай, жылдыздар жөнүндө: «[Кудай] аларды кылымдан кылымга, түбөлүктөн түбөлүккө сактайт»,— делет (Забур 148:3—6).

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Астроном Аллан Сэндиж: «Илим татаал суроолорго жооп бере албайт»,— деген. Ошондой эле ал ааламдын эмне үчүн жаралганын жана козголбой турганын илимий изилдөөлөр аркылуу билүү мүмкүн эмес экенин айткан. Ыйык Жазмада жаратуу процесси илимге шайкеш түшүндүрүлгөндөн тышкары, илим жооп бере албаган: «Кудайдын жерге жана адамзатка карата кандай ой-ниети бар?» — деген cыяктуу суроолорго жооп берилет *.

^ абз. 16 Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин 3-бөлүмүн карагыла. Китеп www.jw.org/ky сайтында да бар.