Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ДИЛ МАЕК | ЭЛЬДАР НЕБОЛЬСИН

Пианист менен курулган маек

Пианист менен курулган маек

Өзбекстандык Эльдар Небольсин — атагы алыска кеткен эл аралык деңгээлдеги пианист. Ал Лондондогу, Москвадагы, Санкт-Петербургдагы, Нью-Йорктогу, Париждеги, Римдеги, Сиднейдеги, Токиодогу, Венадагы оркестрлерде солист катары ойногон. Эльдар Небольсин Советтер Союзунда атеист болуп чоңойгон. Бирок кийин адамдарды мээримдүү Кудай жаратканына көзү жеткен. «Ойгонгула!» журналы ага музыкага жана Кудайга болгон ишенимине байланыштуу суроолор менен кайрылды.

Кантип музыкант болуп калдыңыз эле?

Атам да, апам да пианист болчу. Алар мага 5 жашымдан тарып эле пианинодо ойногонду үйрөтө башташкан. Кийин Ташкенттеги музыкалык мектепти бүтүргөм.

Оркестрде ойноонун кыйынчылыктары жөнүндө айтып берсеңиз.

Бири-бирине окшош оркестр болбойт. Оркестрды дирижёрдун «колунда ойнолуп жаткан» аябай чоң музыкалык аспапка салыштырса болот. Менимче, солистке кыйын болгон нерселердин негизгиси дирижёр менен эриш-аркак иш-аракет кылуу болуш керек. Бул эки адамдын сүйлөшүүсүнө окшош. Пикирлешип жатканда алардын бири эле сүйлөй бербейт, бири-биринин сөзүн улап экөө тең сүйлөйт. Адатта, дирижёр менен эриш-аркак иш-аракет кылыш үчүн бир-эки эле жолу репетиция кылганга мүмкүнчүлүгүбүз болот.

Пианино ойногонго канча убакыт бөлөсүз?

Күнүнө үч сааттай бөлөм. Ал учурларда музыканын оор жерлерин кайталап көнүккөндөн тышкары, музыканын өзүм даярданып жаткан бөлүгүнүн түзүлүшүн да изилдейм. Ошондой эле ал музыканы жазган композитордун башка да чыгармаларын угам. Бул мага мен даярданып жаткан музыканын бөлүгүн жакшыраак түшүнгөнгө жардам берет.

Мыкты пианист эмнеси менен айырмаланат деп ойлойсуз?

Пианинону «ырдата билгени» менен деп ойлойм. Кандайча экенин түшүндүрүп берейин. Пианино урма аспап болуп эсептелет. Нота басылгандан кийин, чыккан үндүн катуулугу басаңдайт. Пианинодон айырмаланып, үйлөмө аспаптардан чыккан нота же адамдын үнү көпкө чейин созулат, атүгүл улам катуулай берет. Пианисттерге үндү үзбөй улап  кетүү кыйынга турат. Ал үчүн алар манжалары, алакан сөөктөрү менен клавишаларды ыкчам басып, ошону менен бирге нотаны созуп, тембрди өзгөрткөн пианинонун оң педалын чебердик менен баса билиши керек. Ушул татаал техникаларды өздөштүрүүнүн аркасында пианинодон флейтаныкындай, кернейдикиндей, ал тургай оркестрдикиндей үн чыгарып ойноого болот. Пианисттер аны эң мыкты музыкалык инструмент деп саналган адамдын үнүнө окшоштуруп да черте алышат.

Сиз музыканы абдан жакшы көрөт окшойсуз.

Музыка мен үчүн сөз менен түшүндүрө алгыс сезимдерди ойготкон, аларды таамай бере алган тилдей.

Кудай жөнүндө билгенге эмне түрткү берди?

Үйдө атам Москвадан алып келген толгон-токой китептер бар болчу. Алардын ичинен мага, өзгөчө, жер каймактагандан берки тарыхты жана ысрайыл элинин башынан өткөн окуяларды камтыган Ыйык Китепке негизделген бир китеп жакчу. Үйдөгү китептердин арасында «Сен жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашай аласың» деген китеп да бар эле *. Ыйык Китептеги окуулардын анда так-даана түшүндүрүлгөнү абдан таасирлентти. 1991-жылы музыка боюнча билим алыш үчүн Испанияга барганымда ошол китепти да ала кетип, бир нече жолу окуп чыктым. Анда Кудайга болгон ишеним сезимдерге эмес, акылга сыярлык жүйөлүү далилдерге негизделиши керектиги айтылыптыр.

Ыйык Китепте адамдардын жер бетинде түбөлүк өмүр сүрөрү жөнүндө айтылганы бүйрүмдү кызытты. Ал убада мага акылга сыярлык көрүндү. Ошол кезде Жахабанын Күбөлөрүнө жолуга элек болчумун. Жолуксам Ыйык Китепти изилдегенге жардам беришин сурайм деп жүргөм.

Жахабанын Күбөлөрүнө кантип жолугуп калдыңыз?

Алардан Ыйык Китепти изилдөөгө жардам беришин сурайм деп чечкенимден бир нече күн өткөндөн кийин, колунда Ыйык Китеби бар эки келинди көрүп калдым. Ошондо: «Алар мен окуган китептин ичиндеги сүрөттөрдөгү адамдардай көрүнүшөт экен. Иса Машаяктын алгачкы жолдоочуларындай болуп кабар да айтып жүрүшөт»,— деп ойлондум. Ошентип, Жахабанын Күбөсү болгон бир киши менен Ыйык Китепти изилдей баштадым. Бүгүнкү күндө башкаларга Жаратканыбызды таанып-билгенге жардам берип, чоң кубаныч алып жатам.

Мурда атеист болсоңуз да, Жараткандын бар экенине ишенгенге эмне жардам берди?

Музыка. Аны ар бир эле адам баалайт. Ал эми жаныбарлар биздей болуп музыканы түшүнбөйт. Музыка менен кубанычты, ишенимдүүлүктү, назиктикти жана башка ушу сыяктуу сезимдерди чагылдырууга болот. Адатта, музыка укканда анын ритмине жараша кыймылдайбыз. Бирок тирүүлүк үчүн музыканын кереги барбы? Жок. Мен Моцартка, Бетховенге окшогон адамдарды музыка жаратканга, аны баалаганга жөндөмдүү кылган мээ эволюция жолу менен пайда болгон деп жыйынтык чыгаруу акылсыздык деп ойлойм. Мээбиз акылман, мээримдүү Жараткандын колунан бүткөн деген бүтүмгө келүү акылга сыярлык.

Ыйык Китеп жан дүйнөнү козгогудай жазылган, мыкты аранжировкаланган, түзүлүшү кереметтүү симфониядай

Ыйык Китепти Кудай жаздырганына эмнеден улам ынандыңыз?

66 китептен турган Ыйык Китепти 1600 жыл аралыгында 40тай киши жазган. Мен: «Ичиндеги маалымат бири-бирине шайкеш болушу үчүн, Ыйык Китептин жазылышын дирижёрдой болуп ким жетектеп турган?» — деп ойлондум. Анан мындай китепти Кудай гана жаздырышы жүйөлүү деген жыйынтыкка келдим. Мен үчүн Ыйык Китеп жан дүйнөнү козгогудай жазылган, мыкты аранжировкаланган, түзүлүшү кереметтүү симфониядай.

^ абз. 15 Азыркы учурда Жахабанын Күбөлөрү адамдар менен Ыйык Китепти изилдөө үчүн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебин колдонушат. Аны www.jw.org/ky сайтынан окуй аласыңар.