Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Чегирткенин кереметтүү угуу жөндөмү

Чегирткенин кереметтүү угуу жөндөмү

ТҮШТҮК АМЕРИКАДАГЫ чегирткенин (Copiphora gorgonensis) кулагынын узундугу бир миллиметрге жетпейт. Бирок адамдын угуу органыныкындай функцияны аткарат. Бул жандык ар кандай жыштыктагы үндөрдү алыстан эле айырмалайт. Мисалы, башка чегирткенин үнүн «аң уулоого» чыккан жарганаттын ультраүнүнөн (кишинин кулагына угулбаган үн) ажырата алат.

ЧЕГИРТКЕНИН КУЛАГЫ

Көңүл бурсаңар: Ал чегирткенин кулактары алдыңкы эки бутунда жайгашкан. Анын кулагы адамдын кулагы сыяктуу эле үн толкундарын кабыл алат, өткөрөт жана жыштыгын аныктайт. Окумуштуулар ал чегирткенин кулагынан, ичинде жогорку басымдагы суюктугу бар, сүйрү шарга окшогон өзгөчө бир органды байкашкан. Угуу көбүкчөсү деп аталган ал орган сүт эмүүчүлөрдүн кулагындагы үлүлдүкүндөй функцияны аткарат. Бирок көлөмү алардыкынан аябай эле кичинекей. Чегирткенин угуу жөндөмүнүн мыкты болгонунун сыры ушул угуу көбүкчөсүндө.

Улуу Британиядагы Бристоль университетинде эмгектенген биология илиминин профессору Дэниел Роберт: «Бул ачылыш инженерлерге буга чейинки угуу аппараттарына салыштырмалуу аябай эле кичинекей жана үндү даана бере турган угуу аппараттарын ойлоп тапканга жардам берет»,— дейт. Изилдөөчүлөр бул келечекте үндүн ылдамдыгынан жогорку ылдамдыктагы инженердик технологияларды, анын ичинде үн толкундарын, температураны жана башка нерселерди чагылдырып көрсөткөн, ооруканаларда колдонула турган системалардын өнүгүшүнө салым кошот деп үмүттөнүүдө.

Кандай деп ойлойсуңар? Бул чегирткенин кереметтүү угуу жөндөмү өзүнөн өзү пайда болгонбу же Жараткандын колунан бүткөнбү?