Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | НИКЕ

Канткенде урмат көрсөтө аласыңар?

Канткенде урмат көрсөтө аласыңар?

КӨЙГӨЙ

Күйөөсү: «Мурун жубайым экөөбүздүн урмат көрсөтүүгө байланыштуу көз карашыбыз айырмаланчу. Аныкы туура же меники туура болчу деп деле айта албайм, болгону, экөөбүз эки башка көз карашта болчубуз. Жубайым сүйлөгөндө да мени сыйлап турса деп көп ойлочумун».

Аялы: «Мен бири-бири менен кошо жарышып, катуу, жандуу сүйлөгөн элдин арасында чоңоюп-өскөм. Биз муну сыйлабастык катары деле көрчү эмеспиз. Күйөөм болсо таптакыр башкача чөйрөдө чоңоюптур».

Жубайлардын бири-бирин урматтап-сыйлашы анда-санда эле кылып койсо боло турган нерсе эмес. Нике бекем болушу үчүн, ортодо урмат-сый болушу зарыл. Жубайыңарды сыйлаарыңарды кантип көрсөтө аласыңар?

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Эркектер урматталууга өзгөчө муктаж. Ыйык Китепте күйөөлөргө: «Ар бириңер аялыңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө»,— деген кеңеш берилген. Бирок андан ары: «Аял болсо күйөөсүн терең урматтасын»,— деп кошумчаланган (Эфестиктер 5:33). Жубайынын сүйүп, урматташын күйөө да, аял да абдан кааласа да, күйөөлөр урмат-сыйга өзгөчө муктаж. «Эркектер өздөрүн колунан баары келген, көйгөйлөрдү чече алган жана үй-бүлөсүнө кам көрө алган адам катары сезгиси келет»,— дейт Карлос *. Эгер аял күйөөсүнүн ушу сыяктуу эркекке мүнөздүү өзгөчөлүктөрү үчүн сыйласа, күйөөсүнө эле эмес, өзүнө да жакшы. Корин: «Жолдошума урмат-сый менен мамиле кылганымда, ал да мени сүйөрүн көбүрөөк билдирип турат»,— дейт.

Аялдар да урмат-сыйга муктаж. Чынында, аялын кадырлабаган күйөө аны чындап сүйө албайт. «Аялымдын оюн, сунуштарын сыйлашым керек. Ошондой эле анын сезимдерин да эске алышым зарыл. Анын эмне үчүн ошондой сезимде болуп жатканын түшүнбөсөм эле, ага көңүл бурбай койбошум кажет»,— дейт Дэниел.

Көз карашын сыйлоо. Силердин өмүрлүк жарыңарга урмат көрсөтүп жатам деп ойлогонуңар эмес, анын аны урматтай турганыңарды сезгени маанилүү. «Көйгөй» деген кутучада сөзү келтирилген аял так ушуну түшүнгөн. Ал: «Мен күйөөмдү сыйлап жатам деп ойлочумун, бирок ага андай сезилбегендиктен, мен өзгөрүшүм керек болду»,— деп айткан.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Өмүрлүк жарыңардын силерди суктандырган үч сапатын жазгыла. Анын жакшы сапаттары аны урматтап-сыйлашыңарга негиз болуп берет.

  • Бир жума бою (жубайыңардын эмес) өзүңөрдүн сөзүңөрдү, ишиңерди текшерип көргүлө.

Сөзүңөр. Бир изилдөөдөн нике түйүнү бекем жубайлардын көйгөйдү талкуулап жатканда бир сын пикирге беш жылуу сөз айтары, ал эми ажырашканы жаткан жубайлардын дээрлик жылуу сөз айтпай турганы анык болгон («Ten Lessons to Transform Your Marriage»). (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 12:18.)

Ойлонуп көргүлө: Сүйлөгөн сөзүмөн жан шеригимди сыйлаарым көрүнүп турабы? Аны мактаганга караганда көбүрөөк сындабаймынбы? Ал бир нерсени туура эмес кылганда же ага нааразы болгондо катуу айтып албаймынбы? Ушу суроолорго берген жообума жубайым да кошулат беле? (Ыйык Китептеги принцип: Колосалыктар 3:13.)

Колдонуп көргүлө: Жубайыңарды бир күндө, жок дегенде, бир жолу мактаганга аракет кылгыла. Мурда силерди суктандырган сапаттарын эстегиле. Жарыңардын эмнесин баалаарыңарды айтып турууну адат кылып алгыла. (Ыйык Китептеги принцип: 1 Корунттуктар 8:1.)

Ишиңер: Алисиа: «Үйдө кечке жаным тынбайт. Жолдошум өзүнүн аркасынан жыйнап, идиштерди жууп койсо, мени баалайт экен деп ага аябай ыраазы болуп калам»,— дейт.

Ойлонуп көргүлө: Кылгандарыман жубайымды сыйлаарым көрүнүп турабы? Ага жетиштүү убакыт жана көңүл бөлөмбү? Ушу суроолорго берген жообума жубайым да кошулат беле?

Колдонуп көргүлө: Жан шеригиңердин силерге кайсы үч нерседе урмат көрсөтүшүн каалаарыңарды жазгыла. Жубайыңар да ошентсин. Анан кайсы жактан иштешиңер керек экенин билиш үчүн жазган барагыңарды бири-бириңерге көрсөткүлө. Өзүңөр тараптан урмат көрсөтүшүңөр керектигин унутпагыла. Бирөө демилгени колго алганда, адатта, экинчиси да ошондой кылат.

^ 8-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлдү.