Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жубайыңар ишенимсиздик кылганда

Жубайыңар ишенимсиздик кылганда

«Күйөөм жаш аял таап алгандыктан мени таштап кетип баратканын айтканда, өлгүм келген. Өзгөчө, ал үчүн кандай курмандыктарга барганымды ойлогондо, анын кылганы барып турган адилетсиздиктей көрүнгөн» (Мария, Испания).

«Аялым ойдо жок жерден мени таштап кеткенде, денемдин жартысы өлүп калгандай эле болгон. Ошону менен кошо кыялдарыбыз, үмүттөнгөн нерселерибиз, максаттарыбыз — баары талкаланган. Кээ бир күндөрү көңүлүм тынч алып, жаман сезимдерден арылгандай сезилчү, бирок кайра бат эле кайгыга батып кетчүмүн» (Билл, Испания).

ЖУБАЙЛАРДЫН бири ала жипти аттап, чыккынчылык кылганда, бейкүнөө тараптын жүрөгү жараланары турган иш. Айрымдар ишенимсиздик кылганына өкүнгөн түгөйүн кечирип, ортодогу жараканы бүтөөгө аракет кылышат *. Бирок, үй-бүлө бузулабы, жокпу, жубайынын башка бирөө менен адеп-ахлаксыз иш кылганын билген адамдын жан дүйнөсүнө бүлүк түшөт. Андай оор жараатты айыктырууга эмне жардам берет?

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПАЙДАСЫ ЗОР КЕҢЕШТЕР

Жарынын ишенимсиздигинен улам өзөгү өрттөнгөн көптөгөн адамдар Ыйык Жазмадан соороторлук ойлорду таба алышкан. Алар төккөн көз жашына, көкүрөктөгү кайгысына Кудайдын ортоктош экенине ынанышкан (Малаки 2:13—16).

«Тынчымды кетирген ойлор көбөйгөндө, сенин сооротууң жанымды жыргаткан» (Забур 94:19).

«Бул аятты окуган сайын Жахабанын боорукер атадай болуп мени мээримдүүлүк менен сооротуп жатканын элестетчүмүн»,— дейт Билл.

«Сен өзүңө берилгендерге берилгендик көрсөтөсүң» (Забур 18:25).

Күйөөсү бир канча ай бою көзүнө чөп салып жүргөн Кармэн: «Жолдошум мага берилгендигин сактабаса да, Жахабанын мага дайыма берилгендик көрсөтөрүнөн такыр шектенбейм. Ал эч качан көңүлүмдү калтырбайт»,— дейт.

«Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга... билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды... сактайт» (Филипиликтер 4:6, 7).

«Мен бул аяттарды кайра-кайра окуй берчүмүн,— дейт Саша деген бир келин.— Кудайдан тиленген сайын бейкуттукту сезчүмүн».

Жогоруда сөз кылынгандар бир учурда жашоосунан түңүлүп, баарына кол шилтеп койгусу келген. Бирок алар Жахаба Кудайга таянышкан жана анын Сөзүн окуп, кайраттанышкан. Бул тууралуу Билл мындай дейт: «Жашоом астын-үстүн болгондо, Кудайга болгон ишенимим мага багынбоого, андан ары жашай бергенге күч берди. „Коюу караңгылык каптаган өрөөндө бараткандай“ болгон учурда да, Кудай жанымда болду» (Забур 23:4).

^ Жубайы ойноштук кылганда бейкүнөө тарап кандай кылса болору төмөндөгү журналда талкууланган: «Ойгонгула!», 1999-жыл, 22-апрель, ор.“ Жубайыңар ишенимсиздик кылганда.”