ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ
1 Петир 5:6, 7. «Кудайдын кубаттуу колунун астында момун болгула... анткени ал силерге кам көрөт»
«Кудайдын кубаттуу колунун астында момун болгула, ошондо ал силерди өз убагында жогору көтөрөт. Ошондой эле бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт» (1 Петир 5:6, 7, «Жаңы дүйнө котормосу»).
«Кудай силерди Өз убагында жогору көтөрүшү үчүн, Анын күчтүү колунун астында моюн сунгула. Бардык түйшүктөрүңөрдү Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт» (1 Петир 5:6, 7, «Үмүт нуру» котормосу).
1 Петир 5:6, 7нин мааниси
Бул сөздөр аркылуу элчи Петир ишенимдештерин Кудайга кыйынчылыктарын, тынчсыздандырган нерселерин айтып, тилене аларына ынандыргысы келген. Кудай момун адамдарга ырайым кылат жана аларга батасын мол берет.
«Кудайдын кубаттуу колунун астында момун болгула». Ыйык Китепте «Кудайдын колу» деген сөз көп учурда анын өз кызматчыларын сактап калууга жана коргоого кудуреттүү экенин көрсөтүш үчүн колдонулат (Чыгуу 3:13; Мыйзам 26:8; Забур 18:16, 17). Кудайдын кызматчылары Кудайга таянгандын аркасында анын кубаттуу колунун астында момун боло алышат. Алар өздөрүнүн эмнеге алы жетерин билип, кыйынчылыктарды өз күчү менен жеңе албай турганын түшүнүшөт (Накыл сөздөр 3:5, 6; Филипиликтер 4:13). Ошондой эле Кудайдын аларга өз учурунда эң туура жол менен жардам бере аларынан шектенишпейт (Ышая 41:10).
«Ошондо ал силерди өз убагында жогору көтөрөт». Кыйынчылыктарды чыдамдуулук менен көтөргөндөр Кудайдын аларды жогору «көтөрөрүнө», башкача айтканда, аларга сыйлык берерине бекем ишенишет. Кудай кызматчыларынын кечке эле азап чеге беришине же алардын күчү жетпеген сыноолорго туш болушуна жол бербейт (1 Корунттуктар 10:13). Эгер алар дайыма туура иш кылууга умтулушса, Кудай аларга «өз убагында» сөзсүз батасын берет (Галатиялыктар 6:9).
«Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт». Иса Машаяктын жолдоочулары жүрөгүн өйүгөн нерселерин Кудайга айтып, бардык түйшүгүн ага арта алышат. Бир эмгекте «артуу» деген этиш «бир нерсени өзүңдөн ары таштоо дегенди түшүндүрөрү» жана анын «максаттуу түрдө кылынган иш-аракет экени» айтылган («New Testament Commentary»). Исанын жолдоочусу түйшүгүн Кудайга артканда, Кудай анын тынчсыздануусун азайтып, Ыйык Китепте айтылгандай, өзүнүн «тынчтыгына» ээ кыла алат (Филипиликтер 4:6, 7). Кудайдын ага кам көрүүгө даяр экенин, аны колдогонго кудуреттүү экенин билгендиктен, ал Кудайдын жардам бере аларынан күмөн санабайт (Забур 37:5; 55:22).
1 Петир 5:6, 7нин контексти
Элчи Петирдин ишенимдештерине жазган биринчи каты 5-бөлүм менен аяктаган (1 Петир 1:1). Машаяктын ошол убакта жашаган жолдоочулары, бүгүнкү күндөгүдөй эле, ишенимин сынаган жана санаага батырган ар кыл кыйынчылыктарга туш болушкан (1 Петир 1:6, 7). Ошолор тууралуу кабардар болгон Петир биздин замандын болжол менен 62—64-жылдары аларга дем-шык бере турган кат жазган (1 Петир 5:12).
Катынын соңунда Петир ишеними сыналып жаткан ишенимдештерин бир нерсени унутпоону чакырган: эгер алар момун болуп, Кудайга таянса, Кудай аларга бекем болгонго күч бермек. Алар мындан кымындай да шектенбесе болот болчу (1 Петир 5:5—10). Петирдин сөздөрү Иса Машаяктын азыркы күндө куугунтукталып жаткан жолдоочуларына дем-күч берет.
1 Петир китеби тууралуу жалпы маалымат алыш үчүн бул видеону көргүлө.