Өлүмдөн коркуу сезиминен кантип арылса болот?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Өлүм адам баласынын душманы болгондуктан, адамдардын андан корккону жана өмүрүн сактап калууга умтулганы табигый нерсе (1 Корунттуктар 15:26). Бирок ар кандай жалган түшүнүктөрдүн, ырым-жырымдардын таасиринен улам пайда болгон коркуу сезими адамды «өмүр бою» кул кылып алат (Еврейлер 2:15). Андыктан өлүм жөнүндөгү чындыкты билсеңиз, жашоонун ырахатын көрүүгө тоскоол кылган коркунуч сезиминен арыла аласыз (Жакан 8:32).
Өлүм жөнүндөгү чындык
Өлгөн адам эч нерсе билбейт (Забур 146:4). Ыйык Китепте өлүм катуу уйкуга салыштырылат. Ошондуктан өлгөндөн кийин адам кыйналат же азап чегет деп коркуунун кереги жок (Забур 13:3; Жакан 11:11—14).
Өлгөндөр бизге эч кандай зыян келтире албайт. Ал тургай душмандарыбыздын эң күчтүүлөрү да «күчсүз өлүккө» айланышат (Накыл сөздөр 21:16). Ыйык Китепте адам өлгөндө анын «жек көрүүсү да, кызганычы да жок болору» айтылат (Насаатчы 9:6).
Өлүм менен эле баары бүтүп калбайт. Кудай өлгөн адамдарды кайрадан тирилтет (Жакан 5:28, 29; Элчилер 24:15).
Кудай «өлүм болбой» турган заман орноторун убада кылууда (Аян 21:4). Ал убак тууралуу Ыйык Китепте: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— деп айтылган. Ошондо баарыбыз өлүмдөн коркуу сезиминен толугу менен арылабыз (Забур 37:29).