Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?
Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Кудайдын Падышалыгы адамдык өкмөттөрдүн баарын жок кылып, жалгыз өкмөт катары бүт жер жүзүн башкарат (Даниел 2:44; Аян 16:14). Ошондо Кудайдын Падышалыгы төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
Керт башынын кызыкчылыгы үчүн башкаларга зыян келтирип жаткан ыймансыз адамдарды жок кылат. «
Ыймансыздар болсо жер бетинен жок кылынат
» (Накыл сөздөр 2:22).Согуш отун биротоло өчүрөт. «
[Кудай] жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот
» (Забур 46:9).Жер бетине коопсуздук өкүм сүргөн, гүлдөгөн заман алып келет. «
Ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжир дарагынын астында отурат. Аларды эч ким коркутпайт
» (Микей 4:4).Жер бетин бейишке айлантат. «
Ээн талаа менен какшыган жер шаттанат, чөлдүү түздүк сүйүнүп, шафрандай гүлдөйт
» (Ышая 35:1).Ар бир адамды ага ырахат тартуулаган жумуш менен камсыз кылат. «
Менин тандап алгандарым өз эмгегинин үзүрүн толугу менен көрүшөт. Алар куру бекер эмгектенишпейт
» (Ышая 65:21—23).Ооруну жок кылат. «
Ошондо тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт
» (Ышая 33:24).Карылыкты жок кылат. «
Анын денеси жаш кезиндегисинен да жаш болсун, ал жаштыктын күчүнө толуп турган күндөрүнө кайрылып келсин
» (Аюп 33:25).Өлгөндөрдү тирилтет. «
Мүрзөлөрдө жаткандардын баары анын [Иса Машаяктын] үнүн уга турган убак келет
» (Жакан 5:28, 29).