ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО
Ажырашуу балдарга кандай таасир этет?
Бири-бири менен тил табыша албаган айрым жубайлар: «Балдарыбызга биздин кечке эле урушуп-талаша бергенибизди уккандан көрө, ажырашып, бөлөк жашаганыбыз жакшы болот»,— деп ойлошот. Бирок фактылар эмнени көрсөтүп турат?
Ажырашуу балдарга кандай таасир тийгизет?
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, ажырашуу балдарга чоң залака тийгизет. Ажырашкан жубайлардын балдары төмөнкүдөй кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн:
ачуулануу, тынчсыздануу, көңүлү чөгүү
жүрүм-туруму начарлоо
мектептен жаман окуу же окуусун таштап салуу
ооруга көп чалдыгуу
Андан тышкары, көп балдар ата-энесинин ажырашып кеткенине өздөрүн күнөөлөшөт. Алар «бул менин айыман болду» же «аларды токтотуп калсам болмок» деп ойлошу ыктымал.
Ата-энеси ажырашып кеткен балдардын кыйынчылыктары алар чоңойгондо да улана бериши мүмкүн. Андай балдардын өзүн өзү сыйлоо сезими төмөндөп кетет жана башкаларга ишеним артуу кыйын болот. Ошондой эле кийин турмуш куруп, никесинде кыйынчылыктар болгондо ажырашып кетиши толук ыктымал.
Жыйынтык. Айрымдар ажырашып кеткени балдарына эле жакшы болот деп ойлошот. Бирок изилдөөлөр чынында андай болбой турганын тастыктады. «Ажырашуу балдарды бактысыз кылат»,— дейт балдарга кам көрүү боюнча адис Пенелопа Лич a.
Ыйык Китептеги принцип: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» (Филипиликтер 2:4).
Ажырашсам, балам бактылуу болобу?
Бул суроого айрымдар «ооба» деп жооп бериши мүмкүн. Бирок ата-эненин каалоосу менен балдардын каалоосу айырмаланарын эсиңерден чыгарбагыла. Маселен, ажырашкысы келип жүргөн адам жаңы жашоо баштагысы келет. Ал эми бала жашоосунун өзгөрүшүн такыр каалабайт. Ал атасы менен апасынын чогуу болушун каалайт.
Ата-энеси ажырашып кеткен миңдеген балдардын арасында сурамжылоо жүргүзгөндөн кийин бир китептин авторлору мындай деп жазышкан: «Бир нерсе айдан ачык: балдар ошондон улам бактылуураак болуп калганын эч качан айтпайт. Тескерисинче, алар: „Бактылуу балалыгым ата-энем ажырашкан күнү аяктаган“,— деп ачык эле айтышат». Ошондой эле ал китепте андай балдар «медер туткан эң жакын адамдары туруксуз болуп калгандыктан», дүйнө аларга «ишеним артса болбой турган, эң кооптуу жердей көрүнүп калары» жазылган («The Unexpected Legacy of Divorce»).
Жыйынтык. Ата-энеси ажырашып кеткен балдардын бактылуу болору күмөн.
Ыйык Китептеги принцип: «Башыңа кыйынчылык түшкөн күнү ындының өчсө, алдан-күчтөн таясың» (Накыл сөздөр 24:10).
Балдарды эки бөлөк жашап тарбиялоонун кандай кесепети бар?
Айрым ажырашкан жубайлар мурда чогуу жашап жүргөндөй эле балдарын тарбиялоого аракет кылышат. Бирок балдарды эки бөлөк жашап тарбиялоо оңой-олтоң иштерден эмес. Изилдөөлөрдөн айкын болгондой, ажырашкан жубайлар, адатта:
балдары менен аз убакыт өткөрүшөт
балдарына бири-бириникине карама-каршы келген нерселерди үйрөтүшөт
өздөрүн күнөөлүү сезгендиктен же катуу чарчагандыктан балдарын өз эркине коюп коюшат
Ошондой эле ажырашкан жубайлардын балдары ата-энесине баш ийгиси келбей калат. Анткени ата-энеси өздөрү үйрөткөн нерселерге каршы иш кылып жатса, мисалы, бири-бирине берген антын аткарбай жатса, баласы: «Эмнеге алардын тилин алышым керек?» — деп ой жүгүртөт.
Жыйынтык. Ажырашкан жубайларга балдарды эки бөлөк жашап тарбиялоо кыйынга турат. Ал эми балдарга андан бетер оор болот.
Ыйык Китептеги принцип: «Балдарыңардын көңүлү чөкпөшү үчүн, аларды кыжырдантпагыла» (Колосалыктар 3:21).
Көйгөйдү чечүүнүн башка жолу барбы?
Адатта, жубайларга ажырашкандан кийин жаңы жашоо башташ үчүн көп күч-аракет жумшоого туура келет. Анын ордуна, никесин сактап калууга ошончо күч жумшаганы жакшыраак болмок. «Жубайлардын турмушу болбой калса эле, бул жагдай оңолбойт дегенди билдирбейт,— делет бир китепте.— Өздөрүн бактысыз сезген жубайлар ажырашпай, никесин сактап калууга аракет кылса, бара-бара алардын көбү бактылуураак болуп калышат». Баарынан да ата-энесинин чогуу болгону балдарынын жакшы өсүп-чоңоюшуна шарт түзөт.
Анткен менен бул такыр ажырашпаш керек дегенди билдирбейт. Ыйык Китепке ылайык, жубайлардын бири бузуктук кылганда ажырашууга жол берилет (Матай 19:9). Бирок анда: «Баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— деп да жазылган (Накыл сөздөр 14:15). Андыктан никеде кыйынчылыктарга кабылып жаткандар бардык нерсени, анын ичинде ажырашуунун балдарына кандай таасир этерин эске алышы зарыл.
Албетте, жубайлар жагдайды жакшыртуу үчүн эч нерсе кылбай, тек гана чыдап жашап жүрө бербеши керек. Ыйык Китептеги теңдешсиз кеңештер андай жубайларга коломто отун өчүрбөй, бактылуу жашоого өбөлгө түзгөн сапаттарды өрчүтүүгө жардам берет. Анткени аларды нике түзүлүшүн негиздеген Жахаба Кудай жаздырган (Матай 19:4—6).
Ыйык Китептеги принцип: «Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм» (Ышая 48:17).
a «Балаңардын өсүп-жетилиши. Ымыркай кезинен өспүрүм куракка чейин» деген китептен алынды («Your Growing Child—From Babyhood Through Adolescence »).