Купуялуулук жөндөөлөрү

Сайтты колдонуу ыңгайлуу болушу үчүн биз cookie файлдарын жана башка ушу сыяктуу программаларды колдонобуз. Айрым cookie файлдары веб-сайтыбыз тийиштүү түрдө иштеши үчүн зарыл жана алардан баш тартууга болбойт. Сиз сайтыбызды жакшыртууга шарт түзгөн кошумча cookie файлдарын колдонууга макулдугуңузду бере аласыз же алардан баш тарта аласыз. Биз чогулткан маалыматтар эч качан сатылбайт, маркетинг үчүн колдонулбайт. Бул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Cookie файлдарын жана ушу сыяктуу программаларды колдонуу боюнча бүткүл дүйнөлүк саясат» деген макаланы окуңуз. Каалаган учурда «Купуялуулук жөндөөлөрүнө» кирип, cookie файлдарын өзүңүзгө ылайыктап жөндөп койсоңуз болот.

Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JW LIBRARY

Текстти чийип белгилөө (iOS)

Текстти чийип белгилөө (iOS)

Бул функциянын жардамы менен JW Library программасынан кайсы бир адабиятты окуп же изилдеп жатканда текстти чийип белгилей аласыз.

Төмөндө текстти чийип белгилөөгө байланыштуу көрсөтмөлөр берилди:

 Чийип белгилөө

Текстти чийип белгилөөнүн эки жолу бар.

Highlight

Чийгиңиз келген сөздү басып турсаңыз, контекст менюсу пайда болот. Ал менюдан Чийип белгилөө дегенди басып, ал жердеги түстөрдүн бирин тандаңыз.

Кайсы бир cөздү же сүйлөмдү чийиш үчүн бир сөздү басып туруп, манжаңызды жылдырыңыз. Манжаңызды экрандан алганда контекст менюсу пайда болот. Ал менюну колдонуп чийип белгиленген жердин түсүн өзгөртсөңүз же жок кылсаңыз болот.

 Чийип белгиленген жерди өзгөртүү

Чийилген жердин түсүн өзгөртүш үчүн тексттин чийилген жерин басып туруп, контекст менюсунан башка түстү тандаңыз. Белгиленген жерди алып салыш үчүн ал жерди басып туруп, контекст менюсундагы Жок кылуу белгисин басыңыз.

Бул функциялар iOS 7.0 же андан кийинки иштетүү системине ылайыкташтырылган 2015-жылдын ноябрь айында чыккан JW Library программасынын 1.6 версиясына кошулган. Эгер программада бул функциялар жок болуп жатса, «JW Library программасын колдонуу (iOS)» деген макаланын «Жаңы функциялар» деген бөлүгүндөгү көрсөтмөлөргө ылайык иш кылгыла.