2018-ЖЫЛ, 7-МАЙ
ОРУСИЯ
Санкт-Петербург шаардык соту мүлккө байланыштуу иш боюнча Жахабанын Күбөлөрүнө каршы чечим чыгарды
2018-жылы 3-майда Санкт-Петербург шаардык соту Жахабанын Күбөлөрүнүн алардын Солнечноедеги административдик борборунун өкмөткө өткөрүлүп берилишине каршы экенин билдирген доо арызын канааттандырбай койду. Чечим дароо күчүнө кирди, ошондуктан өкмөт аны каалаган учурда ала алат.
Бул чечим 17 жыл мурун Солнечноедеги мүлккө карата менчик укугун Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомуна (Пенсильвания) өткөрүү боюнча түзүлгөн келишимди жараксыз деп тапкан Сестрорецк райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Ал келишимдин жокко чыгарылышы соттун Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борбору менчик укугуна ээ деп ырасташына жол ачкан. Натыйжада административдик борбор Жогорку соттун 2017-жылдын апрелинде чыгарган чечимине ылайык жоюлгандыктан, өкмөт ага таандык мүлктү тартып ала алат. Мындай жалган «далилдерди келтирүү» өкмөттүн мүлктү тартып алышын мыйзам чегинде болуп жаткан иш-аракеттей кылып көрсөтүүдө.
Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык маселелер боюнча башкы кеңешчиси Филип Брамли мындай дейт: «Соттун бул адилетсиз чечиминин кесепетинде бейкүнөө адамдар жок жерден зыян тартууда. Административдик борбордун мүлкү Кудайга арналган болчу жана Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн тынчтыкта өткөргөн диний иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн колдонулуп келген. Ачыгын айтканда, өкмөт аны уурдап алды. Ошондуктан биз адилеттүүлүктү көздөп, Адам укуктары боюнча Европа Сотуна кайрылабыз».