2017-ЖЫЛ, 22-НОЯБРЬ
ИТАЛИЯ
Европадагы качкындар лагерине баш калкалап баргандарды Жахабанын Күбөлөрү жылуу тосуп алууда
РИМ. Европадагы эң чоң качкындар лагери Италиянын Сицилия аралындагы Минео (Кара ди Минео) шаарчасында жайгашкан. Ал лагерде Эритрея, Нигерия, Сомали жана Сирия сыяктуу 40тан ашуун өлкөдөн барган миңдеген качкындар баш калкалашат.
Акыркы беш жылдан бери Жахабанын Күбөлөрү (жогоруда көрсөтүлгөндөй) ал лагерге барып, кызыккандарга Ыйык Китепти акысыз изилдөөнү сунуштап турушат. Жахабанын Күбөлөрү Кара ди Минео лагеринин жетекчилери менен тыгыз кызматташышат. Лагердин жетекчилери Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушуусуна баргысы келгендер үчүн 50 орундугу бар автобустун болушуна кам көрүшкөн. Ошондон бери көптөр Падышалык залына (сыйына турган жер) жума сайын келип турушат. Кара ди Минео лагеринин директорунун орун басары Ивана Галанти мырза Жахабанын Күбөлөрү менен кызматташканы туурасында мындай дейт: «Алардын качкындар үчүн кылган жана кылып жаткан иштерине абдан ыраазымын. [Жахабанын Күбөлөрүнүн] кейиштүү, атүгүл жүрөк титиреткен абал өкүм сүргөн өлкөсүнөн бөтөн жерге качып келип, бөтөн элге кошулган качкындарды жылуу тосуп алганы качкындардын жашоосуна жарык чачып, кубаныч тартуулап жатат».
Нигериядан качкындар лагерге 2011-жылы барган Хумфрей Осагейде Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ал 2014-жылы 23-ноябрда Жахабанын Күбөсү болгон. Хумфрей Осагейде мындай дейт: «Ыйык Китеп жашоомду түп-тамыры менен өзгөрттү. Баңгизатты таштап, адеп-ахлаксыз иштеримди токтоттум. Лагерде жүргөнүмдө Жахабанын Күбөлөрү Кудай жөнүндө билгенге да, иш жүзүндө да жардам көрсөтүштү. Ошондой эле лагердин жетекчилерине качкындар Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышына бара алышы үчүн автобустун болушуна кам көргөнүнө ыраазычылык билдирем». Учурда Италиянын Палермо шаарында жашап, иштеп жаткан Осагейде мырза өзүнө жана башкаларга, анын ичинде, качкындарга үмүт берген Ыйык Китептеги кабарды жарыялоодо.
Италиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалынын өкүлү Кристиан Ди Бласио мындай дейт: «Биз адамдарга Ыйык Китепте жазылгандарды түшүнгөнгө жардам беребиз. Кара ди Минео лагериндегилер менен кызматташканыбыздын аркасында качкындар Ыйык Китептен Кудай жөнүндө билип, көптөгөн суроолоруна жооп алып жатышат, ошондой эле жан дүйнө бейкуттугуна ээ болууда».
Байланышуу:
Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000
Италия: Кристиан Ди Бласио, тел.: +39-06-872941