Ишеними үчүн түрмөдө отургандар. Крым
Жахабанын Күбөлөрүн ырайымсыздык менен куугунтуктап жаткан Орусия өкмөтү эми Крымдагы Жахабанын Күбөлөрүн да бутага алууда. Бийлик башындагылар Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактарынын баарына тыюу салып эле тим болбостон, эч кимге зыян келтирбеген бул динди да жок кылууну көздөп жатат. 2017-жылдын апрелинде Жахабанын Күбөлөрүнүн мүлкүн жана башка нерселерин тартып алуу жөнүндө чечим чыккандан бери, өлкө боюнча жүздөгөн ишенимдештерибиздин үйлөрү тинтилди. Натыйжада көптөрү кармалып, түрмөгө отургузулду. Эми Крымдагы Жахабанын Күбөлөрүнө да ушундай сокку урулууда.
Крымда биринчи жолу тинтүү иштери 2018-жылдын 15-ноябрында жүргүзүлгөн. Ошондо Жанкойдогу Жахабанын Күбөлөрүнүн чакан тобу бир үйдө Ыйык Китепти окуп, талкуулап отурушкан. Ошол күнү 200гө жакын полиция кызматкери жана атайын аскер күчтөрүндөгү кызматкерлер ал жактагы сегиз үйдү тинтишкен. Куралданган, бет кап кийген укук коргоо органдарынын, бери дегенде, 35и Сергей Филатовдун үйүнө кирип барышкан. Ал үйдө алты Жахабанын Күбөсү бар болчу. Укук коргоо органдары аларга орой мамиле кылып, коркутуп-үркүтүшкөн. Мисалы, 78 жаштагы атаны дубалга такап, андан соң жерге жыгып, колуна кишен салып, ур-токмокко алышкан. Натыйжада ал атаны дароо ооруканага жеткирүүгө туура келген. Алардын мындай жоругунан катуу стресс болгон жашы өтүп калган эки ишенимдешибиздин кан басымы жогорулап, алар да ооруканага түшүп калышкан. Тилекке каршы, ошол күнү үйү тинтилген бир ишенимдешибиздин боюнан түшүп калган.
Тинтүү иштеринен кийин Сергей Филатовго Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 282.2 беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде «экстремисттик уюмдун» иштерин жүргүзүүдө деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон. 2020-жылдын 5-мартында Крымдын райондук соту Сергей бир тууганыбызды жалпы режимдеги колонияга алты жылга кескен. Өкүм жарыялангандан кийин эле аны түрмөгө алып кетишкен.
Жанкойдо 2018-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн үйү тинтилгенден кийинки жылдары куралдуу күчтөрдүн атайын бөлүгүнүн кызматкерлери экстремисттик иштер менен алек болуп жатат деп шектенип, Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүнө кирип барганын уланта беришкен. Акыркы жолу тинтүү иши 2023-жылы 22-майда жүргүзүлгөн. Таңкы саат 6:30да укук коргоо органдарынын ондон ашык кызматкери, алардын беши куралчан болчу, Феодосия шаарындагы бир үйгө кирип барышкан. Алар Жахабанын Күбөлөрүнө жерге жатууну буйрушкан. Анан үч сааттан ашык убакыт бою үйдү тинтишкен. Бир Жахабанын Күбөсүн (эркек киши) суракка алыш үчүн Севастополго алып кетишкен.
Үйлөрдүн тинтилиши, кылмыш ишинин козголушу жана сот өкүмүнүн чыгарылышы 9 Жахабанын Күбөсүнүн (эркек кишилер) түрмөгө камалышына алып келди. Алар алты жарым жылга чейин кесилишкен. Баарына тең экстремисттик деп эсептелген уюмдун ишин колдошту деген айып коюлган.
Жагдайдын өрчүшү
2024-жыл, 18-ноябрь
Учурда 9 Жахабанын Күбөсү Крымда камакта отурат.
2023-жыл, 22-май
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Феодосия шаарындагы бир Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтишкен. Алар электрондук каражаттарды тартып алышкан. Бир Жахабанын Күбөсү камакка калынган.
2021-жыл, 5-август
8 Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтишкен. Александр Дубовенко менен Александр Литинюк камакка алынган.
2020-жыл, 1-октябрь
Севастополдогу 9 Жахабанын Күбөсүнүн үйү тинтилген. Игорь Шмидтти кармап кетишип, тергөө камак жайына камашкан.
2019-жыл, 4-июнь
Полиция кызматкерлери Севастополдогу 10 Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтишкен. Виктор Сташевскийге экстремисттик иш-чараларды уюштурду деген айып коюлган.
2019-жыл, 20-март
Атайын аскер күчтөрүндөгү кызматкерлер Алупка жана Ялта шаарларындагы сегиз үйдү тинтишкен. Натыйжада Артем Герасимов суракка алынып, экстремисттик иштерди жүргүзүүдө деп айыпталган.
2018-жыл, 15-ноябрь
Жанкойдо 200гө жакын полиция кызматкери жана атайын аскер күчтөрүндөгү кызматкерлер сегиз үйдү, анын ичинде Сергей Филатовдун үйүн тинтишкен.