Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 28-МАРТ
ИНДОНЕЗИЯ

Индонезияны сел каптады

Индонезияны сел каптады

2019-жылдын 16-мартында Индонезиянын чыгышынан орун алган Папуа провинциясында нөшөрлөгөн жаан-чачын болду. Ошондон улам сел жүрүп, 100дөн ашуун киши өмүрүнөн айрылды. Ошондой эле бир нече үйдү сел алып кетти.

Индонезиядагы филиалдын билдирүүсүнө ылайык, бул кырсыктан Папуа провинциясындагы Сентани шаарында жашаган бир туугандарыбыз жапа чекти. Кейиштүүсү, бир ишенимдешибиз үйүн сел алып кеткенде каза болду. Башка үч үй-бүлөнүн үйү чоң зыянга учурады. 40тан ашуун бир тууганыбыз башка жакка көчүүгө аргасыз болду. Азыркы тапта көптөрү жергиликтүү бир туугандардыкында жашап жатышат. Табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам бериш үчүн Кырсык болгондо жардам берүү комитети уюштурулду. Филиалдын өкүлдөрү жана ошол аймактагы райондук көзөмөлчүлөр кырсыктан жабыр тарткандарга барып, жубатып-сооротууда. Андан тышкары, бир туугандарга кандай жана канчалык көп жардам көрсөтүлүшү керектигин аныктап жатышат.

Биз кырсыктан зыян тарткан бир туугандарыбыз үчүн тиленип турабыз. Баарыбыз Жахабанын келечекте «өлүмдү түбөлүккө жок кылып», «бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчый» турган күндү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз (Ышая 25:8).