Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү Кудайга сыйынууда айкаш жыгачты колдонушпайт?
Көптөр Иса Машаяктын жолдоочуларыбыз дегендердин бардыгы айкаш жыгачка сыйынышат деп ойлошот. Бирок Жахабанын Күбөлөрү Иса Машаяктын жолун жолдошсо да, айкаш жыгачка сыйынышпайт. Эмне үчүн?
Анткени Ыйык Китепте Иса Машаяктын айкаш жыгачта эмес, устунда өлгөндүгү жазылган. Андан сырткары, Ыйык Китепте Кудайдын кызматчылары «бурканга табынуучулуктан качышы» керектиги айтылган. Демек, Кудайга сыйынууда айкаш жыгачты колдонуу туура эмес (1 Корунттуктар 10:14; 1 Жакан 5:21).
Иса Машаяктын: «Бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген сөздөрүнө көңүл бурсаңар (Жакан 13:34, 35). Бул сөздөрдөн анын чыныгы жолдоочуларын айкаш жыгачты же кандайдыр бир башка буюмду колдонгону эмес, бири-бирине болгон сүйүү айырмалап турушу керектиги көрүнүп турат.