Челмсфорддогу жаныбарлар дүйнөсү коргоого алынууда
Британиядагы Жахабанын Күбөлөрү Эссекс графтыгындагы Челмсфорд шаарынын жанына жаңы филиалын куруу ишин башташты. Көздүн жоосун алган ал жерде «Жапайы табиятты жана айыл жергесинин жаратылышын коргоого» байланыштуу 1981-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча коргоого алынган ар кандай жан-жаныбарлар байырлайт. Жахабанын Күбөлөрү ошол мыйзамды бузбаш үчүн жана коргоого алынган жаныбарларга зыян келтирбеш үчүн эмнелерди кылышты?
Жаңгакчыл барак куйруктар курулуш жүрүп жаткан жерден алысыраак болушу үчүн, Жахабанын Күбөлөрү кайра иштетүүгө кете турган жыгачтын калдыктарынан аларга уя жасап беришти. Ошондой эле барак куйруктар жашаган бактар менен жашыл тосмолордун ортосуна жасалма тосмолорду койбостон, филиалдын негизги кире беришине алып барган жолдун үстүнө атайын көпүрө курушту. Мындан тышкары, алар жаңгакчыл барак куйруктардын табигый чөйрөсүнө зыян келтирбеш үчүн жашыл тосмолорду сактап калууга өбөлгө түзгөн атайын долбоор боюнча иш кылууда. Ошол долбоорго ылайык, жашыл тосмолорду жаныбарлар кышкы чээнге кирген маалда тегиздешет. Бул барак куйруктардын тынчын албаганга жана алардын азык таап жеген табигый чөйрөсүн сактап калууга шарт түзөт.
Жахабанын Күбөлөрү кургакта жашоочу жыландарды, балдарын тирүү тууган кескелдириктерди, кичинекей бутсуз кескелдириктерди да коргоого алышты. Сойлоочулар түркүмүнө кирген бул жандыктар убактылуу баш калкалай алышы үчүн, атайын черепицадан чатыр сыяктуу нерселер курулган. Кийинчерээк экологдор аларды чогултуп, курулуш жүрүп жаткан аймактан алысыраак, коопсузураак жерге алып барышкан. Алар байырлай турган жерде атайын тосмолор жана кыштай турган ийиндер бар. Сойлоп жүрүүчүлөр курулуш жүрүп жаткан жерге сойлоп келип, зыян тартпашы үчүн, Жахабанын Күбөлөрү ошол тосмолорду дайыма карап турушат.
Түнкүсүн жылма мурун жарганаттардын тынчын албаш үчүн курулушта жарык диоддуу атайын жарыктандыргычтар колдонулууда. Ал жарыктандыргычтардын сезгичтери унаа келе жатканда эле күйөт. Калган маалда, адаттагыдай эле, караңгы болуп турат. Жем издеген жарганаттар курулуш жүрүп жаткан жердеги жашыл тосмолорго түнкүсүн учуп барышат. Андыктан ошол жашыл тосмолордун көп бөлүгү сакталып калат жана эки жарым чакырымдай жерге дагы отургузулат. Жарганаттар жашаган айрым бактарды кыюуга туура келгендиктен, Жахабанын Күбөлөрү ар кайсы жерге алар үчүн атайын уяларды илип коюшту.
Ошондой эле алар көп жылдык абдан баалуу бактарды сактап калууга күч жумшоодо. Ан үчүн машине өтө турган жолдорду ошол дарактардын тамырлары жаткан жерден алысыраак салышты. Көп жылдан бери турган ал бактарда омурткасыздардын, жарганаттардын жана канаттуу куштардын ар кандай түрү корголойт. Мына ушундайча Жахабанын Күбөлөрү мындан ары да Челмсфорддогу жаныбарлар дүйнөсүн коргой берүүгө даяр экенин көрсөтүүдө.