КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Кудайга эмне үчүн ишенериңди түшүндүрүп бере аласыңбы?
Кимдир бирөө сенден баарын Кудай жаратканына эмне үчүн ишенериңди сураса, эмне деп жооп бересиң? Ишенимдүү түрдө жооп бере алышың үчүн эки нерсени кылганың маанилүү. Биринчиден, баарын Кудай жаратканына өзүң бекем ишенишиң зарыл (Рм 12:1, 2). Экинчиден, эмне үчүн ишенериңди кантип түшүндүрүп берсең болору тууралуу ойлонушуң керек (Нкл 15:28).
«ОРТОПЕД-ХИРУРГ ИШЕНИМИ ЖӨНҮНДӨ АЙТЫП БЕРЕТ» ЖАНА «ЗООЛОГ КУДАЙГА ЭМНЕ ҮЧҮН ИШЕНИП КАЛГАНЫН АЙТЫП БЕРЕТ» ДЕГЕН ВИДЕОЛОРДУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕР:
-
Эмне үчүн Ирен Хоф Лоурансо эволюцияга эмес, Кудайга ишенип калган?
-
Эмне үчүн Ярослав Довганич да эволюцияга эмес, Кудайга ишенип калган?
-
Баарын Кудай жаратканына эмне үчүн ишенериңди кимдир бирөөгө кантип түшүндүрүп берет элең?
-
Сенин тилиңде баары Кудайдын колунан бүткөнүнө болгон ишенимиңди бекемдегенге жана муну башкаларга далилдеп бергенге көмөк кылган, Жахабанын уюму чыгарган кандай куралдар бар?