«Жахаба каалагандай болсун»
Пабыл ыйык рухтун аны Иерусалимге, кыйынчылыктар күтүп турган жакка, барганга жетектеп жатканын сезген (Элч 20:22, 23). Ошондуктан ишенимдештери жакшы эле ниет менен андан ал жакка барбай эле коюшун өтүнүшкөндө, аларга: «Бул эмнеңер? Жүрөгүмдү оорутуп, эмнеге ыйлап жатасыңар?» — деген (Элч 21:13). Биз эч качан башкаларды Жахабага жанын аябай кызмат кылуудан айнытууну каалабайбыз.