КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Жаштар, ата-энеңер менен ачык сүйлөшкүлө
Эмне үчүн ата-энеңе ичиндегини ачык айтып беришиң керек? (Нкл 23:26). Анткени Жахаба аларга сага кам көрүп, багыттап турууну тапшырган (Зб 127:3, 4). Эгер сен тынчыңды алган, корккон нерселериңди ата-энеңен жашыра берсең, аларга сага жардам бериш кыйынга туруп калат. Ошондой эле алардын турмуштук тажрыйбасынан да үйрөнбөй каласың. Бирок ата-энеңе айрым нерселерди айтпаганыңды туура эмес деп айтууга болобу? Жок. Болгону, аларга калп айтып, бир нерселерди жашырып койбошуң керек (Нкл 3:32).
Ата-энең менен кантип сүйлөшсөң болот? Өзүңө да, аларга да ылайыктуу болгон учурду танда. Бул мүмкүн эмес болсо, анда алардын бирине кат жазсаң болот. Кээде ата-энең сен сүйлөшкүң келбеген теманы козгошу мүмкүн. Андайда алардын сага жардам бергиси келерин эсиңден чыгарба. Ата-энеңди душман эмес, дос катары көр. Алар менен ачык сүйлөшкөнгө аракет кыла берсең, мунун пайдасын өмүр бою, атүгүл түбөлүк жашаганда да көрөсүң (Нкл 4:10—12).
«ӨСПҮРҮМ КУРАГЫМ. АТА-ЭНЕМ МЕНЕН КАНТИП ТИЛ ТАБЫША АЛАМ?» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Эстер менен Партик эмнени түшүнүшкөн?
-
Исадан кандай үлгү алсаң болот?
-
Ата-энең сенин камыңды ойлоорун кантип көрсөтүп келет?
-
Ата-энең менен ачык сүйлөшкөнгө Ыйык Китептеги кайсы принциптер жардам берет?