Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Кудай менен Машаяк бизди жакында эркиндикке чыгарат

Кудай менен Машаяк бизди жакында эркиндикке чыгарат

Биз күн сайын ар кандай кыйынчылыктар менен алпурушабыз. Алсак, үй-бүлө башчылары көп милдеттерин аткарууга жетишпей бушайман болушат. Жалгыз бой аталар, энелер балдарынын кем-карчын бүтөй албай кыйналышат. Окуучуларды классташтары шылдыңдап, коркутуп-үркүтөт. Башкалар начар ден соолуктун, карылыктын азабын тартышат. Ооба, ар бирибиздин оор жүгүбүз бар. Ал эми көптөгөн ишенимдештерибиз бир эле учурда бир нече кыйынчылыкты баштан кечирип жатышат. Бактыга жараша, жакында ушул кыйынчылыктардан биротоло арылабыз (2Кр 4:16—18).

Бирок ал убак келгиче бир нерсени унутпайлы: Жахаба биздин кандай кыйынчылыктар менен күрөшүп жатканыбызды билет. Ага берилгендик сактап, туруктуу болуп жатканыбызды жогору баалайт. Келечекте болсо бизге батасын мол төгөт (Жр 29:11, 12). Иса да биздин жыргалчылыгыбызга кызыкдар. Анын тапшырмасын аткарып жаткандардын баарын ал: «Мен... силер менен болом»,— деп ынандырат (Мт 28:20). Кудайдын Падышалыгы башкарганда кандай эркиндикке ээ болорубуз тууралуу ой жүгүртсөк, үмүтүбүз бекемделип, кыйынчылыктарды туруктуулук менен көтөрөбүз (Рм 8:19—21).

«БОРООН-ЧАПКЫН ЖАКЫНДАП КЕЛАТКАНДЫКТАН, ИСА МАШАЯКТАН КӨЗҮҢДҮ АЛБА! ПАДЫШАЛЫК ТӨГӨ ТУРГАН БАТАЛАР» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Адамзат Кудайдан кантип алыстап калган жана мунун кесепети кандай болгон?

  • Жахабага ишенимдүү болгондорду кандай келечек күтүп турат?

  • Эмненин аркасында ошондой кереметтүү заман келет?

  • Жаңы заманда ала турган кайсы батаны чыдамсыздык менен күтүп жатасың?

Бейиште жүргөнүңдү элестет