Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Жахаба менен болгон мамилеңерди баалагыла

Жахаба менен болгон мамилеңерди баалагыла

Жахабанын Күбөлөрү өзгөчө сыймыкка ээ. Исанын арналган жана чөмүлгөн жолдоочулары катары биз Эгедер Теңир Жахаба менен ынак мамиле өрчүтө алабыз. Ал бизди Уулу аркылуу өзүнө жакындаткан (Жн 6:44). Ал тиленүүлөрүбүздү угат (Зб 34:15).

Кудай менен болгон баа жеткис мамилебизди канткенде коргой алабыз? Биз ысрайылдыктар кылган жаман иштерден качышыбыз керек. Жахаба менен келишим түзгөндөн көп өтпөй, алар алтын музоо жасап, бурканга сыйына башташкан (Чг 32:7, 8; 1Кр 10:7, 11, 14). Өзүбүзгө бул суроолорду берип көрсөк болот: «Азгырыкка кабылганда эмне кылам? Иштеримден Жахаба менен болгон мамилемди баалай турганым көрүнүп турабы?» Асмандагы Атабызга болгон күчтүү сүйүү ал жек көргөн нерселерден качууга жардам берет (Зб 97:10).

«ЖАХАБА МЕНЕН БОЛГОН МАМИЛЕҢЕРДИ САКТАГЫЛА» (КЛ 3:5) ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Ач көздүк деген эмне?

  • Эмне үчүн ач көздүктөн жана бурканга сыйынуудан качышыбыз керек?

  • Ойноштук кылуу менен бурканга сыйынуунун кандай жалпылыгы бар?

  • Эмне үчүн өзгөчө жооптуу бир туугандар жубайынын муктаждыктарына кам көрүшү керек?