Ыйык Китепте жакшы аялга берилген сыпаттама
Накыл сөздөр китебинин 31-бөлүмүндө Лемуел падышага апасынын жазган маанилүү сөздөрү камтылган. Анын кеңештери ага жакшы аял кандай болорун билүүгө жардам берген.
Жакшы аял ишеничтүү болот
-
Үй-бүлөсүнө байланыштуу иштерде кеңешин айтат, бирок күйөөсүнө баш иет
-
Күйөөсү анын туура чечим чыгарарына ишенет жана андан ар бир иште макулдугун сурап турууну талап кылбайт
Жакшы аял эмгекчил болот
-
Үйүндөгүлөрү таза, тыкан, жарашыктуу кийиниши үчүн жана тамак-аш кенен болушу үчүн сарамжалдуу, жөнөкөй болууга аракет кылат
-
Талыкпай эмгектенет жана күнү-түнү үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгын ойлойт