КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Канткенде кийинкиге калтыра бербейбиз?
Кийинкиге калтыра бергендер дароо бүтүрүп сала ала турган же бүтүрүшү керек болгон ишин улам ананкыга жылдыра берет. Жахаба Жехуга Ахаптын үйүн жок кылууну буйруганда, ал ошол ишке кийинкиге калтырбай, дароо киришкен (2Пд 9:6, 7, 16). Айрымдар: «„Дагы бир нече жылдан кийин чөмүлсөмбү?“, „Эртеңден баштап Ыйык Китепти күнүгө окуй баштайм“, „Жакшыраак жумуш табарым менен пионердик кызматты баштайм“»,— деп ойлонушу мүмкүн. Ыйык Китепте Жахабага сыйынууга байланыштуу иштерди кийинкиге калтырбоого жардам берген аяттар бар.
Бул аяттар кийинкиге калтыра бербегенге кандайча жардам берет?