17—23-март
НАКЫЛ СӨЗДӨР 5
122-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)
1. Жыныстык адеп-ахлаксыздыктан алыс болгула
(10 мүн.)
Таттуу көрүнүшү мүмкүн (Нкл 5:3; w00 15/7 29-б., 1-абз.)
Кесепети ачуу болот (Нкл 5:4, 5; w23.06 22, 23-б., 9, 10-абз.)
Андай иштен алыс болгула (Нкл 5:8; w15 15/6 15, 16-б., 8—10-абз.)
2. Рухий берметтер
(10 мүн.)
-
Нкл 5:9. Жыныстык адеп-ахлаксыздык кишинин кадыр-баркына кандай таасир этет? (w11 1/4 20-б., 2-абз.)
-
Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?
3. Ыйык Китепти окуу
(4 мүн.) Нкл 5:1—23 (th 5-сабак)
4. Сөз баштоо
(3 мүн.) ЭЛ КӨП ЖЕРДЕ КАБАР АЙТУУ. Ыйык Китеп менен тааныштыгы жок кишини Эскерүү кечесине чакыр. Анан jw.org сайтынан Эскерүү кечеси ага жакыныраак кайсы жерде өткөрүлөрүн көрсөтүп бер (lmd 6-сабак, 4-ой).
5. Кайра баруу
(4 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Мурунку жолу барганыңда киши Эскерүү кечесине чакыруу барагын алып, айткандарыңа кызыгып калган (lmd 9-сабак, 5-ой).
6. Шакирт даярдоо
(5 мүн.) lff 16-сабак, негизги ой, кайталоо, максат. Ыйык Китепти изилдеп жаткан киши: «Иса үйлөнсө эмне болмок?» — деп сураганда, суроого өзү жооп табышы үчүн кантип изилдөө жүргүзсө болорун көрсөтүп бер (lmd 11-сабак, 4-ой).
121-ыр
7. Кыз-жигит болуп жүргөндө Жахабанын алдында өзүңөрдү таза сакташ үчүн эмне кылсаңар болот?
(15 мүн.). Талкуу.
Сүйлөшүп жүргөн кезде кыз-жигит чогуу көп убакыт өткөрүп, бири-бирине көп көңүл бурат. Алар муну эл менен жүргөндө же өздөрүнчө кылышы мүмкүн. Бетме-бет жолугуп, телефон чалышып же жазышып сүйлөшүшөт. Кыз-жигит болуп жүргөндөрдүн айрымдары сүйлөшүп жүргөнүн жашырбайт, башкалары эч кимге айтпай эле коюуну туура көрүшөт. Биз Кудайдын кызматчылары кыз-жигит болууну тек гана көңүл ачуу катары көрбөйбүз. Бул — үй-бүлө куруш үчүн жасалган олуттуу кадам. Жаштар болобу же жаштык курактан өткөндөр болобу, сүйлөшүп жүргөндөрдүн баары канткенде жыныстык адеп-ахлаксыздыктан алыс боло алышат? (Нкл 22:3)
ВИДЕОНУ көрсөт. «Үй-бүлө курууга даярдануу (1-бөлүк). Сүйлөшө баштаганга даярмынбы?» (үзүндү). Анан угармандардан сура:
-
Эмне үчүн үй-бүлө курганга даяр болбой туруп кимдир бирөө менен сүйлөшө баштабаш керек? (Нкл 13:12; Лк 14:28—30)
-
Видеодогу кызга ата-энесинин берген жардамы силерге эмнеси менен жакты?
Окугула: Накыл сөздөр 28:26. Анан угармандардан сура:
-
Кыз-жигит жаман ишке азгырылышы мүмкүн болгон жагдайлардан оолак болуш үчүн эмнелерди кылса болот?
-
Кыз-жигит сезимдерин билдирүүдө, мисалы, кол кармашуу, өбүшүү сыяктуу нерселерде эмне үчүн алдын ала сүйлөшүп, чек коюп алганы акылдуулукка жатат?
Окугула: Эфестиктер 5:3, 4. Анан угармандардан сура:
-
Кыз-жигит телефон аркылуу же онлайн пикирлешип жатканда эмнени эсинен чыгарбашы керек?
8. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү
(30 мүн.) bt 24-бөл., 1—6-абз.