КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Кариб аралдарындагы бир туугандарыбыз кырсыктан жабыркагандарга жардам берүү ишинен кандай пайда алышкан?
Биз да, 1-кылымдагы ишенимдештерибиздей болуп, табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берип, сүйүүбүздү иш жүзүндө көрсөтө алабыз (Жн 13:34, 35). «Иш жүзүндө көрсөтүлгөн сүйүү. Аралдардагы табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү» деген видеодон бир туугандарыбыздын Кариб аралдарындагы ишенимдештерибизге кантип жардам бергенин көргүлө. Андан соң төмөнкү суроолорго жооп бергиле:
-
Кариб аралдарындагы бир туугандарыбыз «Ирма» жана «Мария» куюнунан канчалык жабыркаган?
-
Жахаба аларга ишенимдештерибиз аркылуу кантип жардам берген?
-
Ишенимдештерибиздин сүйүүсү, камкордугу куюндан зыян тарткандарга кандай таасир эткен?
-
Кариб аралдарындагы кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишине канчалык көп бир туугандар катышкан?
-
Табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү ишине ар бирибиз кантип салым кошо алабыз?
-
Бул тасманы көргөндөн кийин сүйүү менен иш жүргүзгөн уюмдун мүчөсү болгонуңарга кандай карап калдыңар?