9—15-июнь
НАКЫЛ СӨЗДӨР 17
157-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)
1. Никеде тынчтыкты сактап, рахаттанып жашагыла
(10 мүн.)
Дайыма тынчтык болушу үчүн, күч-аракет талап кылынат. Аракеттин берекети болот (Нкл 17:1; сүрөттү карагыла)
Болбогон нерселер үчүн эле талашып-тартыша бербегиле (Нкл 17:9; g 9/14 11-б., 2-абз.)
Сезимдериңерди ооздуктай билгиле (Нкл 17:14; w08 1/7 28-б., 6-абз.—29-б., 1-абз.)
2. Рухий берметтер
(10 мүн.)
-
Нкл 17:24. Кандайча «акылсыздын көзү. . . бирде биякта, бирде тиякта»? (it-1 790-б., 2-абз.)
-
Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?
3. Ыйык Китепти окуу
(4 мүн.) Нкл 17:1—17 (th 10-сабак)
4. Сөз баштоо
(3 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ (lmd 3-сабак, 5-ой).
5. Сөз баштоо
(4 мүн.) ЭЛ КӨП ЖЕРДЕ КАБАР АЙТУУ. Ыйык Китепти изилдөөнү сунушта (lmd 6-сабак, 4-ой).
6. Сөз
(5 мүн.) ijwbv 60-макала. Тема: Накыл сөздөр 17:17нин мааниси кандай? (th 13-сабак).
113-ыр
7. Жакшы пикир алышууга өбөлгө түзгөн адаттарды өрчүткүлө
(15 мүн.). Талкуу.
Үй-бүлө бактылуу болушу үчүн, жакшы пикир алышуу маанилүү. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү оюн ачык айтканда, көздөгөн максаттарына чогуу-чаран жете алышат. Ошондой эле оор учурларда бири бирине жөлөк-таяк болушат (Нкл 15:22). Үйүңдөгүлөр оюн ачык айта алышы үчүн, сен эмне кылсаң болот?
Чогуу убакыт өткөргүлө (Мз 6:6, 7). Үй-бүлө мүчөлөрү үйдөгү иштерди чогуу кылып, жыйналышка чогуу барып, чогуу кабар айтышса, чогуу эс алышса, ортодогу сүйүүсү чыңдалып, бири бирине көбүрөөк ишеним артышат. Ошондой эле жай отуруп жакшы сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Кээде өзүң каалаганды эмес, үйдөгүлөрүң каалаганды кылганга туура келиши мүмкүн. Ошенткениңдин акыбети кайтат. Мунун пайдасын көпкө чейин көрөсүңөр (Фп 2:3, 4). Чогулганда убакытты кантип туура колдонсоңор болот? (Эф 5:15, 16).
ВИДЕОНУ көрсөт. «Үй-бүлөдөгү тынчтыкка алпарган жол көрсөткүчтөр. Пикир алышууну жакшыртуу». Анан угармандардан сура:
-
Электрондук каражаттарды колубуздан түшүрбөй калганыбыз үй-бүлөдөгү пикир алышууга кандай таасир этиши мүмкүн?
-
Бул видеодон жакшы пикир алышуу жөнүндө дагы эмнелерди билдиңер?
Кунт коюп уккула (Жкп 1:19). Балдар «мени туура эмес түшүнүп калышсачы же урушуп салышсачы» деп коркпосо, оюн эркин айтышы мүмкүн. Андыктан балаңар айткан нерсе силерди тынчсыздандырса, урушуп кирбей, өзүңөрдү кармагыла (Нкл 17:27). Анын ордуна, кунт коюп уккула. Балаңардын оюн, сезимдерин түшүнгөнгө аракет кылгыла. Ошондо аны жакшы көрөрүңөргө ынандырып, мээримиңерди төгүп жардам бере аласыңар.
8. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү
(30 мүн.) bt 27-бөл., 19—22-абз.; 212-беттеги кутуча