КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Жахаба өз элин коргойт
Эң алгачкы Пасах ысрайылдыктар үчүн абдан чоң мааниге ээ болгон. Ошол түнү фараон тун уулунун өлгөнүн билгенде Мусага: «Тургула, силер да, башка Ысрайыл уулдары да элимдин арасынан чыгып кеткиле. Баргыла, өзүңөр айткандай, Жахабага сыйынгыла»,— деген (Чг 12:31). Ошондо Жахаба өз элин коргоп жатканын көрсөткөн.
Жахабанын Күбөлөрүнүн азыркы тарыхына сереп сала турган болсок, анын өз элин жетектеп, коргоп келатканын айкын көрө алабыз. Бул бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгыбыздагы «Жахабанын ысмы менен аталган эл» деген көргөзмөдө баса белгиленет.
«УОРИКТЕГИ МУЗЕЙГЕ ЭКСКУРСИЯ: „ЖАХАБАНЫН ЫСМЫ МЕНЕН АТАЛГАН ЭЛ“» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр көпчүлүккө Ыйык Китепке бекем ишенүүгө жардам бериш үчүн 1914-жылдан баштап кандай таасирдүү куралды колдоно башташкан? Мунун натыйжасы кандай болгон?
1916 жана 1918-жылдары алардын ишеними кандайча сыналган жана Жахаба уюмун жетектеп жатканы эмнеден айкын болгон?
Жахабанын элине каршылыктарга карабай ишенимин бекем сактаганга эмне жардам берген?
1935-жылы Жахабанын элине кайсы чындык ачылып берилген жана бул аларга кандай таасир эткен?
«Уориктеги музейге экскурсия: „Жахабанын ысмы менен аталган эл“» деген видеонун кайсы жерлери Жахабанын өз элин жетектеп, коргоп келатканына болгон ишенимиңерди бекемдеди?