Текебер фараон өзү билбей эле Кудайдын эркинин аткарылышына шарт түзүп койгон
Мисирдин фараондору өздөрүн кудай деп эсептешкен. Бул фараондун эмне үчүн ушунчалык текеберденип, Муса менен Арунду жана сыйкырчылык кылган дин кызматчыларын укпай койгонун түшүнүүгө жардам берет.
Башкалар сунушун айтканда, аларды кабыл аласыңбы? Кимдир бирөө кеңеш бергенде, ыраазы болосуңбу? Же дайыма меники туура дейсиңби? «Кыйроонун алдында бой көтөрүүчүлүк келет» (Нкл 16:18). Андыктан текебердиктен оолак болгонубуз кандай гана маанилүү!