КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Бир жыл аракет кылып көрөсүңөрбү?
Сөз үзгүлтүксүз пионер болуу жөнүндө жүрүп жатат. Бул кызматты баштасаңар, мол бата аласыңар! (Нкл 10:22).
ПИОНЕР БОЛСОҢОР...
-
Кабарды чебердик менен айтууга үйрөнөсүңөр жана кызматтан көбүрөөк кубаныч аласыңар
-
Жахаба менен болгон мамилеңер бекемделет. Башкаларга ал тууралуу канчалык көп айткан сайын, анын кереметтүү сапаттары ошончолук эсиңерде сакталып кала берет
-
Падышалыктын ишин өз кызыкчылыгыңардан жогору койгондо жана башкаларга жардам бергенде алчу канааттануу сезимин татып көрөсүңөр (Мт 6:33; Элч 20:35)
-
Райондук көзөмөлчү өткөргөн жолугушууга, райондук жыйындын алдындагы атайын жолугушууга катышууга жана Пионердик кызмат мектебинен билим алууга шарт түзүлөт
-
Башкаларга Ыйык Китепти изилдөөгө жардам бергенге мүмкүнчүлүгүңөр көп болот
-
Көптөгөн жарчылар менен кызматташып, бири-бириңерди бекемдей аласыңар (Рм 1:11, 12)